ИНТЕРНЕТ-ЭКВАЙРИНГ ДЕГЕН ЭМНЕ?
Интернет-эквайринг — бул сатуучу үчүн товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү веб-сайт аркылуу банктык карталардын жардамы менен накталай эмес түрдө кабыл алуу мүмкүнчүлүгү!
ИНТЕРНЕТ-ЭКВАЙРИНГГЕ ТУТАШУУ ҮЧҮН:

Сатуучунун веб-сайты/мобилдик тиркемеси жана ЭЛКАРТ карталары аркылуу төлөмдөрдү кабыл алууну коштуруу мүмкүнчүлүгү бар болушу керек

Эсептешүү эсеби бар болушу керек

Интернет-эквайрингге туташуу жөнүндө келишим түзүү керек
САТУУЧУ ҮЧҮН АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ:

Кардарлар үчүн ыңгайлуу. Төлөм түздөн-түз сатуучунун сайтында же мобилдик тиркемесинде кабыл алынат

Чыгымдарды кыскартат. ПОС-терминалды орнотуунун жана орнотуу үчүн акы төлөөнүн кажети жок

Лоялдуулукту жогорулатат. Кыргызстанда 1 миллиондон ашык адамда ЭЛКАРТ картасы бар
ТАРИФТЕР:
Операциянын түрү | Картанын түрү | Сатуучу үчүн комиссия | Сатып алуучулар үчүн комиссия |
---|---|---|---|
Интернет аркылуу накталай эмес төлөө (товарларга жана кызмат көрөтүүлөргө) | ЭЛКАРТ | 1% | 0% |
Келип түшкөн акча каражаттарды (кардарлар Интернет аркылуу төлөгөн төлөмдөрдү) эсептешүү эсебинен накталоо | – | 0% | 0% |