FINCA өз ишмердүүлүгүн чынчылдык, ачык-айкындык жана кардарларга кам көргөн мамилелердин негизинде курат жана кардарларды коргоо чөйрөсүндө лидер болуп саналат. FINCA Банк кардарларды коргоо принциптерине ылайык келүүсү боюнча Smart Campaign компаниясынын тастыктамасын алган. Smart Campaign – бул микрофинансылык индустрияда кардарларды тейлөөнүн жогорку этикалык стандарттарын киргизүүгө көмөк көрсөтүүчү глобалдуу демилге. FINCA бул ийгиликтин жардамы менен бүткүл дүйнө жүзү боюнча 32 тастыкталган финансылык мекемеден турган эксклюзивдүү топко кирет.