Соода эквайринги – бул ПОС-терминал аркылуу товарлар жана кызматтар үчүн акы төлөөдө банктык төлөм карталарын кабыл алуу.

«ФИНКА Банк» ЖАК накталай эмес төлөм жүргүзүү үчүн ЭЛКАРТ улуттук төлөм системасынын картасын кабыл алуу чечимин сунуштайт.

Элкарт улуттук төлөм системасы – миллиондон ашык санда чыгарылган карта, Кыргызстандын бардык түзүлүштөрүндө кабыл алынат, накталай эмес төлөмдөрдү кеңири жайылтуу максатында банктар аралык комиссиялардын чендери аз.

FINCA Банктан соода эквайрингди орнотуунун артыкчылыктары:

  • Атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу – жаңы кардарларды – банк карталарын кармоочуларды тартуунун эсебинен акча жүгүртүүнү көбөйтүү.
  • Аброюн бекемдөө – накталай эмес төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүгү менен ишкана заманбап технологиялардын бардык артыкчылыктарын пайдаланган ишкана катары өзүнүн жаңы сапаттуу имиджин түзөт.
  • Кирешени көбөйтүү – кардарлар банк карталары аркылуу төлөм жүргүзүү менен көбүрөөк акча сарпташат, себеби, накталай акча менен төлөөдө колунда бар акча менен гана чектелишет.
  • Чыгымдарды азайтуу – төлөмдөрдү банк карталары аркылуу төлөө менен инкассацияга кеткен чыгымдар жана накталай акча каражаттарды сактоого жана эсептеп чыгууга кеткен чыгымдар бир топ кыскарып, ишкана сатуудан алынган салыкты төлөөдөн бошотулат.
  • Кыска мөөнөттүн ичинде каражат ишкананын эсептешүү эсебине түшөт.
    Дисконттук программаларга катышуу мүмкүнчүлүгү – бул карта кармоочуларды накталай эмес төлөм жүргүзүүгө дем берет жана сатуунун көлөмүн көбөйтөт.
  • Заманбап зымсыз ПОС-терминалдар. Кызматкерлерди акысыз окутуу жана тийиштүү материалдар менен камсыздоо.
  • Интернет-банкингдеги эсептешүү эсебин башкаруу.

FINCA Банктан соода эквайрингди коштуруу үчүн 3 жөнөкөй аракетти аткаруу керек:

  • Коштуруу үчүн арыз толтуруу
  • Финансылык шарттарды талкуулоо
  • Келишим түзүү үчүн документтердин топтомун берүү

«ФИНКА Банк» ЖАКтын ПОС-терминалдары аркылуу эсептешүү эсептер менен жүргүзүлүүчү операциялар боюнча юридикалык жактарды тарифтери

«ФИНКА Банк» ЖАКтын жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде жеке ишкерлер үчүн

«ФИНКА Банк» ЖАКтын карталык эсеп боюнча Элкарт Бизнес картасын тейлөө боюнча юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн тарифтери

FINCA Банктан соода эквайрингин коштуруу менен Сиздин ишкана төмөнкүдөй кошумча жарнамага ээ болот:

  • ишкана жана андагы накталай эмес төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүгү тууралуу маалымат Банктын fincabank.kg сайтына жайгаштырылат.
  • ишкана тууралуу маалымат Банктын сатуу көлөмүн көбөйтүүгө багытталган жарнамалык кампанияларына жайгаштырылат.

POS-терминалдардын дарегинин толук тизмеси

FINCA Банкта тейлөөнүн артыкчылыктары:

  • FINCA Банктын бардык филиалдарынан акча каражаттарын алуу мүмкүнчүлүгү – Башкы кеңседен жана Кыргызстандын бардык облустарындагы 24 филиалдан;
  • Жоопкерчиликтүү каржылоо боюнча эл аралык тажрыйба — 30 жылдан ашык;
  • FINCAнын 2 200 000 ден ашык кардарларынын ишеними — дүйнөнүн 20 өлкөсүндө;
  • Кардарларды коргоо принциптеринин сакталышы — SMART Кампаниясы тарабынан тастыкталган.

«ФИНКА БАНК» ЖАКтын жеке жактар үчүн 2023-жылдын 24-июлунан тартып колдонуудагы тарифтери

Пенсионерлер үчүн тарифтер

Жеке жактар үчүн эсеп ачуу үчүн документтердин тизмеги

«ФИНКА Банк» ЖАКта банк эсептерин ачуу жана тейлөө боюнча ЭРЕЖЕЛЕР

Ачык оферта (Банк эсеби жөнүндө башкы келишимди түзүүгө)

«ФИНКА Банк» ЖАКтын Накталай берүү пункттары (НБП) аркылуу тейлөө боюнча тарифтери

Санкциядагы банктардын тизмеси

Кошумча маалыматты төмөнкү телефондор аркылуу алсаңыздар болот:

МААЛЫМАТ БОРБОРУ уюлдук тел.: 4400 (чалуу акысыз) же 0(312) 440 440.