FINCA Банк жеке жактар үчүн сом жана чет өлкөлүк валюталарда банк эсептерин ачуу жана жүргүзүү боюнча кызматтарды сунуштайт.

Талап боюнча төлөнүүчү эсеп төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:

  • Сом жана АКШ долларындагы нак каражаттарды коопсуз сактоого;
  • Коммуналдык жана башка кызматтарды сом менен төлөө;
  • Сом, АКШ доллары, рубль, евро, тенге менен акча которуу жана алуу;
  • Нак эмес алмашуу операцияларын жүргүзүү — эл аралык которуу үчүн чет өлкөлүк валютаны сатып алуу жана сатуу;
  • Өз эсебиңден керектүү каражаттарды каалаган убакта алуу (Банктын жумуш күндөрү);
  • «Ырааттама боюнча төлөм» кызматын колдонуу;

—өлкөнүн башка коммерциялык банктарынан/банктарына которуу жана алуу үчүн Кыргызстан ичинде улуттук валютадагы акча которуулар (клиринг/ гросс);

— Банктын кардарларынын эсептеринин ортосундагы акча которуулар (сом, АКШ доллары, рубль, евро, тенге).

— Ошондой эле алыш-бериш эсебин колдонуу:

  • Эсеп ачуу жана тейлөө — акысыз;
  • Эсепке накталай салуу;
  • Мурда киргизилген каражаттарды эсептен накталай алуу;
  • Эсеп боюнча көчүрмөлөрдү берүү.

FINCA Банкта тейлөөнүн артыкчылыктары:

  • Эсепке минималдуу төлөм талабынын жоктугу;
  • Эсеп боюнча минималдуу калдыктын болуу талабынын жоктугу;
  • Эсеп ачуу жана тейлөө үчүн комиссиянын жоктугу;
  • Кыргызстандын бардык облустарындагы 24 филиал – FINCA Банктын бардык филиалдарында каражаттардын жеткиликтүү болушу;
  • Жоопкерчиликтүү каржылоо боюнча эл аралык тажрыйба — 30 жылдан ашык;
  • FINCAнын 2 200 000 ден ашык кардарларынын ишеними — дүйнөнүн 20 өлкөсүндө;
  • Кардарларды коргоо принциптеринин сакталышы — SMART Кампаниясы тарабынан тастыкталган.

Кардарлардын чет өлкөлүк валютада салынуучу төлөмдөрү үчүн реквизиттер

FINCA Банкта тейлөөнүн артыкчылыктары:

  • FINCA Банктын бардык филиалдарынан акча каражаттарын алуу мүмкүнчүлүгү – Башкы кеңседен жана Кыргызстандын бардык облустарындагы 24 филиалдан;
  • Жоопкерчиликтүү каржылоо боюнча эл аралык тажрыйба — 30 жылдан ашык;
  • FINCAнын 2 200 000 ден ашык кардарларынын ишеними — дүйнөнүн 20 өлкөсүндө;
  • Кардарларды коргоо принциптеринин сакталышы — SMART Кампаниясы тарабынан тастыкталган.

«ФИНКА БАНК» ЖАКтын жеке жактар үчүн 2023-жылдын 24-апрелинен тартып колдонуудагы тарифтери

Жеке жактар үчүн эсеп ачуу үчүн документтердин тизмеги

«ФИНКА Банк» ЖАКта банк эсептерин ачуу жана тейлөө боюнча ЭРЕЖЕЛЕР

Ачык оферта (Банк эсеби жөнүндө башкы келишимди түзүүгө)

«ФИНКА Банк» ЖАКтын Накталай берүү пункттары (НБП) аркылуу тейлөө боюнча тарифтери

Санкциядагы банктардын тизмеси

Кошумча маалыматты төмөнкү телефондор аркылуу алсаңыздар болот:

МААЛЫМАТ БОРБОРУ уюлдук тел.: 4400 (чалуу акысыз) же 0(312) 440 440.

«ФИНКА Банк» ЖАК депозиттерди коргоо системасынын катышуучусу болуп саналат. КР «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамдарына ылайык, депозиттерди коргоо системасынын банк-катышуучусунда жайгашкан жеке жактардын депозиттери (пайыздарды кошкондо) кепилденген учур келгенде 200 миң сомго чейинки өлчөмдө төлөнүүгө милдеттүү.