FINCA финансылык кызматтарды пайдаланууну жайылтуунун интеграцияланган жолун колдонот. Өзүнүн уникалдуу түзүмүн жана ресурстарды максималдуу түрдө натыйжалуу пайдалануу үчүн комплекстүү ыкманы колдонуу аркылуу FINCA өз кардарларын мыкты тейлегенге умтулат.

Бул ыкманын негизин төмөнкүлөр түзөт:

  • Жергиликтүү муктаждыктарга ылайыкталган кредиттерди, депозит жана камсыздандыруу продуктыларын берүү аркылуу финансылык ортомчулук;
  • Социалдык ортомчулук, буга типтүү мисал болуп финансылык сабаттуулук боюнча тренингдер, ошондой эле, топтук кредит берүү жана Айылдык Банктардын (Village Banking) программаларынын өздөрүндө негизделген колдоо эсептелет;
  • Ишкерликти өнүктүрүү;
  • Билим берүү, саламаттыкты сактоо, тамак-аш чөйрөсүнө жана финансылык сабаттуулук боюнча тренингдерге колдоо көрсөтүүгө FINCA тармагынын катышуусу аркылуу социалдык чөйрөгө таасир этүү.

«ФИНКА Банк» ЖАК – «FINCA Микрофинансылык Холдинг Компаниясы» ЖЧКнын (FMH) туунду компаниясы жана 17 микрофинансы институтунан жана банктардан турган тармактын бөлүгү. Алар аз кирешеге ээ адамдарга жана топторго келечекке инвестициялоого мүмкүндүк берүүчү социалдык-жооптуу финансылык кызматтарды көрсөтөт.

«FINCA Микрофинансылык Холдинг Компаниясын» түзүүдө жакырчылыкты жоюу боюнча FINCAнын озуйпасын сактоо үчүн маанилүү аракеттер жасалган. Түзүм форматтары жана башкаруу принциптери FINCAнын озуйпасын жана ар дайым кардарга багытталган ыкманы камсыз кылуу үчүн киргизилген.

«FINCA Микрофинансылык Холдинг Компаниясы» ишмердиктин грант менен каржыланбаган, ал эми ички өнүгүп-өсүүнүн натыйжасында ири масштабга жетүү мүмкүн болбогон түрлөрүн колдойт. Мындай ишмердиктин түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:

  • Микрофинансылык туунду компаниялардын кардарларга аманаттар жана камсыздандыруу менен байланышкан продуктыларды камтыган кызматтардын кеңири түрүн сунуштаган, толук лицензиясы бар финансылык уюм болуп өзгөрүшү;
  • Жаңы рынокторго чыгуу (мисалы, Пакистан 2013-ж., Нигерия 2014-ж.);
  • Маалымат кызматтарынын глобалдуу инфраструктураларын (негизги банк тутуму, авариялык абалды калыбына келтирүү/бизнести үзгүлтүксүз жүргүзүү, коопсуздук жана маалыматтар), ошондой эле адам ресурстарын (кардарларды тейлөөгө окутуу жана унификация) өнүктүрүү.

«FINCA Микрофинансылык Холдинг Компаниясында» FINCAнын өнөктөштөрү болуп социалдык-жооптуу инвесторлордун тобу эсептелет жана алардын озуйпасы жакырчылыкты кыскартуу боюнча FINCAнын озуйпасы менен дал келет.

FINCA International –FINCA микрофинансылык холдингинин негизги акционери, 1984-жылы түзүлгөн. Бул америкалык коммерциялык эмес уюм. Башкы кеңсе Вашингтондо, Колумбия округунда жайгашкан.

IFC — Эл аралык финансылык корпорация — Бүткүл дүйнөлүк банк тобунун мүчөсү, ири дүйнөлүк өнүктүрүү уюму болуп эсептелет, өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн жеке секторуна багытталган. IFC 1956-жылы уюшулган. IFC капиталды мобилизациялоо жолу менен элдерге жакырчылык менен күрөшүүгө жана жашоо шартын жакшыртууга мүмкүнчүлүк берет. Бүгүнкү күндө 182 өлкө IFC мүчөсү болуп эсептелет.

KfW Entwicklungsbank (KfW) — Герман өнүктүрүү банкы. 1948-жылы KfW Bankengruppe коомдук юридикалык уюм катары түзүлгөн. Бүгүнкү күндө KfWнын 80% Германия Федеративдик Республикасынын өкмөтүнө жана 20% — федералдык жерлерге таандык. Дүйнөнүн 70тен ашык шаарларында KfWнын өкүлчүлүгү бар. Ал өз каражаттарын өнүктүрүү боюнча долбоорлорго колдонгон бүткүл дүйнөлүк финансылык шерик.

FMO — Нидерланд финансылык өнүктүрүү корпорациясы. Ал 1970-жылы уюшулган жана мамлекеттик-жеке өнүктүрүү банкы болуп эсептелет. Банктын акцияларынын контролдук пакети (51%)   Нидерланд өкмөтүнө таандык. Калган акциялардын ээлери болуп голландиянын алдыңкы банктары (42%), ошондой эле профсоюздар, ишканалар жана жеке жактар эсептелет (7%).

ASN-Novib Microcredit Fund (ANF) — Микрокредиттик фонд. 1999-жылы ASN-банк жана Oxfam-Novib тарабынан уюшулган жана Нидерланддагы микрофинансылык уюмдар үчүн биринчи инвестициялык фонд болуп калган. Фонд микрофинансылык уюмдарга үлүштүк баалуу кагаздарды сатып алуу жолу менен жеке инвесторлорго каражаттарын салууга мүмкүндүк берет.

FINCAнын уникалдуу бизнес-модели коммерциялык ишкана болгон FINCA Микрофинансылык Холдинг Компаниясынын иш билгилиги менен коммерциялык эмес FINCA International уюмунун түпкү максаттарын жана дилин бириктирип турат, ал оптималдуу таасир этүүнү камсыз кылууну жана адамдардын жашоолорун өзгөртө ала турган финансылык кызматтары аркылуу бир нече миллионго көп адамды камтууну көздөйт.