МААНИЛҮҮ МААЛЫМАТ!

Урматтуу FINCA Банктын кардарлары жана өнөктөштөрү!

Азыркы учурда FINCA Банк акча которуу үчүн карталар боюнча маалыматтарды же башка жеке маалыматтарды талап кылуучу эч кандай утуштарды өткөрбөгөнүн маалымдайбыз!

FINCA Банктын кызматкерлери эч качан кардардын картасынын маалыматтарын, СМСтеги кодду же паролдорду сурабайт. Эгерде кимдир-бирөө сиздерден ушул маалыматтарды талап кылса, бизге жазыңыздар – биз чара көрөбүз.

Ошондой эле, эгерде заматта байып кетүүнү же пайдалуу сунуштарды пайдаланып калууну сунуш кылган кандайдыр бир башка шектүү схемаларды жана акцияларды көрсөңүздөр, расмий каналдар аркылуу биз менен байланышыңыздар: МААЛЫМАТ БОРБОРУ: 4400.

Дагы бир жолу эскертебиз!
Алдамчылардын кайырмагына түшүп калбоо үчүн шектүү иш-чараларга катышпаңыздар! Акча каражаттардан айрылып калбоо үчүн сак болуңуздар жана карта боюнча маалыматтарды үчүнчү жактарга бербеңиздер!

Бардык чыныгы маалыматтар Банктын расмий каналдарына гана жайгаштырылат:
www.fincabank.kg
facebook.com/fincabank.kg
Instagram.com/fincabank.kg