Урматтуу FINCA Банктын кардарлары жана өнөктөштөрү!

Социалдык тармактарда FINCA Банк сурамжылоо жүргүзүп жатканы жөнүндө жана ал сурамжылоодон өткөн ар бир адамдын картасына 10 миң сом которулаары жөнүндө жалган маалымат таратылууда. Сурамжылоонун жарнамасы FNCPlus жасалма баракчасы аркылуу FINCA Банктын логотибин жана Банктын кеңселеринин сүрөттөрүн колдонуу менен чыгууда. Мындай сурамжылоонун максаты – кардардын жеке маалыматтарын жана банктык картасынын маалыматтарын билүү болуп эсептелет.

ЖАРАНДАРГА ЭСКЕРТҮҮ!
FINCA Банктын мындай алдамчылык баракчаларга жана сурамжылоого эч кандай тиешеси жок. Азыркы убакта Банк Кыргызстандын тургундарынын арасында эч кандай сурамжылоолорду жана изилдөөлөрдү жүргүзгөн жок. FINCA Банктын бардык сурамжылоолору жана изилдөөлөрү Банктын төмөнкү расмий булактары аркылуу гана жүргүзүлөт: БАНКТЫН МААЛЫМАТ БОРБОРУ: 4400, расмий сайт: www.FINCABANK.kg, социалдык тармактар: www.facebook.com/FINCABank.kg/, www.instagram.com/fincabank.kg/.

Алдамчылардын кайырмагына түшүп калбоо үчүн шектүү иш-аракеттерге катышпаңыздар! FINCA Банктын кызматкерлери кардардын картасынын маалыматтарын, СМС-билдирүүлөрдөгү кодду же паролдорду эч качан сурабайт. Эгерде кимдир-бирөө сиздерден бул маалыматтарды сурап жатса, бизге жазып, кайрылыңыздар – биз тиешелүү чараларды көрөбүз!