Урматтуу кардарлар,

2022-жылдын 24-августунан баштап интернетте КМШ өлкөлөрүнүн жана Кыргызстандын айрым банктарынын системаларына хакердик чабуулдар жана системаларын бузуп кирүүлөр болгондугу жөнүндө маалымат активдүү жайылтыла баштады.

Бул маалымат “ФИНКА Банк” ЖАКка карата чындыкка дал келбей турганын расмий түрдө билдиребиз. Учурда FINCA Банк штаттык режимде иштеп жатат, эч кандай чабуулдар жана системаны бузуп кирүүлөр болгон жок. Банктын бардык өнүмдөрү жана кызмат көрсөтүүлөрү толук өлчөмдө жана чектөөсүз көрсөтүлүп жатат.

Банктын маалыматтык системасы ишенимдүү коргоодо.
Банк кардарлардын каражаттарынын жана маалыматтарынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жетиштүү технологиялык базага ээ.
Бардык суроолор боюнча биздин Маалымат борборубуздун 4400 кыска номерине акысыз кайрылсаңыз болот.