Микрофинансы уюмдарынын Ассоциациясынан (МФУА) жана Германиянын эл аралык кызматташуу коомунан (GIZ) окуудан өтүп, тастыктамаларды алган FINCA Банктын тренерлери калк үчүн финансылык сабаттуулук боюнча эки күндүк тренингдерди өткөрүүнү аякташты.

Эске сала кетсек, 2016-2020-жылдарга карата калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасынын алкагында Башкы кеңседе сынактан өткөн 10 тренерлерди окутуу болуп өттү. Программаны ишке ашыруунун координатору болуп КРУБ эсептелет.

Тренингдердин катышуучулары төмөнкү темалар боюнча толук маалымат ала алышты:
1. Каражаттарды пландоо жана бюджет.
2. Жыйым топтоо.
3. Карыздык мамилелер.
4. Финансы кызматтарын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо.

FINCA Банктын тренерлери Маматеминов Жамалбек, Мамакеева Жазгүл, Султанова Гүлзана, Курмантаева Курманжан, Дүйшөналиева Гүлжан, Абдурахманов Автандил жана Мырзакматов Амантур 14-ноябрдан 24-ноябрга чейин өз аймактарында эки күндүк тренингдерди өткөрүштү.

Биздин тастыктама алган тренерлерибиз Кыргызстандын калкынын финансылык сабаттуулугун мындан ары да жогорулатуу максатында бүткүл өлкө боюнча тренингдерди өткөрүүнү улантышат.