FINCA БАНКТЫН COVID-19 (КОРОНАВИРУС) ЭПИДЕМИЯ УБАГЫНДАГЫ ИШ-АРАКЕТИ

Урматтуу кардарлар!

FINCA Банк COVID-19 (Коронавирустун) тарашына байланышкан жагдайга кылдаттык менен көз салууда. FINCA Банк үчүн азыр биринчи орунда – өз кардарларынын, кызматкерлеринин жана өнөктөштөрүнүн ден-соолугу жана коопсуздугу. Түзүлгөн жагдай өзгөргөнгө чейин булар биз үчүн дайыма биринчи орунда болот. Бул жагдайдан чыгуу үчүн биздин Банк ооруну алдын-алуу чаралары жөнүндө маалыматты жайылтууну, кардарлар менен иштеген жайларды дезинфекциялоону жана Банктын онлайн кызматтарын аралыктан колдонууну үйрөтүү боюнча иш-аракеттерди үзгүлтүксүз аткарып келет.

Түзүлгөн жагдайда биз кардарларыбызды колдоо үчүн колубуздан келген бардык аракетибизди кылабыз жана ар бир кардарга жеке мамиле кылууну колдонуп, ишти туура уюштуруунун жана бардык кардарларды тейлөөнүн натыйжалуу жолдорун тандап алабыз.

КЕҢСЕЛЕРДИН ИШТӨӨ ГРАФИГИ

FINCA Банк өлкөдөгү түзүлгөн жагдайда банк кызматтары калк үчүн дайыма жеткиликтүү болушун камсыз кылуу кандай маанилүү экенин түшүнөт жана ушуга байланыштуу, кеңселердин үзгүлтүксүз иштөөсүн жана калкка финансылык кызматтарды пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн бардык аракетин жумшайт.
Бүгүнкү күндө Банктын көпчүлүк кеңселери өз ишин улантууда, ал эми төмөнкү кеңселер аларга баруучу жолдор/соода борборлору жабылганына байланыштуу, убактылуу иштебейт:

*Банктын бул кеңселеринде тейленген кардарлар аларга жакын жайгашкан кеңселерде банк кызматтарын колдоно алышат: Банктын филиалдык тармагынын толук тизмеси

КӨнүл БУРГУЛА!!! Кардарларыбыздын жана кызматкерлерибиздин коопсуздугун камсыз кылуу максатында жана жугуштуу ооруну алдын-алуу үчүн FINCA Банк кеңселерге барып иштеген кызматкерлердин санын жана бардык кеңселердин иштөө убагын кыскартты:

1. Кассалардын иштөө убагы кыскартылды:

  • Филиалдардын Борбордук кеңселеринде: кассалар 15:00 чейин иштейт.

  • Аманат кассаларында: кассалар 14:30 чейин иштейт.

2. Банктын бардык кеңселери беш күндүк жумуш күнгө которулду, дем алыш күндөрү иштебейбиз.

Сиздерден жагдайды туура түшүнүүнү жана сиздердин маселени аралыктан чечүүгө мүмкүн эмес болгон учурда гана Банктын кеңсесине келүүнү суранабыз. Башка учурларда биздин тынымсыз байланыш телефондорубуз аркылуу бардык банк продуктулары боюнча кеңири маалыматтарды жана кеңештерди берүүгө, финансылык маселелерди чечүүгө жардам берүүгө даярбыз.

Банктын маалымат борборунун төмөнкү телефондоруна күнү-түнү кайрылсаңыздар болот:

  • (0312) 440-440

  • 4400 (уюлдук телефондон чалуу акысыз).

НАСЫЯ АЛГАН КАРДАРЛАРГА

FINCA Банк COVID-19 (Коронавируска) байланышкан чектөөлөрдөн улам финансылык кыйынчылыктарга туш болгон кардарларды колдоо үчүн колунан келген аракетин кылат.

Банк насыянын шарттарын өзгөртүү боюнча сиздердин өтүнүчүңүздөрдү жеке карап чыгат жана Коронавирус бизнесине, кирешелерине, ишине терс таасирин тийгизген кардарлар үчүн натыйжалуу чечимдерди кабыл алууга жардам берет.

Насыялар боюнча өтүнмөнү төмөнкү каналдар аркылуу калтырууга болот:

ДЕПОЗИТТИК КАРДАРЛАРГА

Ар кандай кризистик учурларда ар бир адамды топтогон акчаларын сактап калуу маселеси тынчсыздандырат. Эксперттердин пикиринде, акчаларды үйдө сактоо кооптуу, андан көрө ири, туруктуу банкты тандап, акчаларды ал банкка салып коюу бир кыйла ишенимдүү. Ушуну менен топтолгон акчаларды уурдатуудан, валюталардын курсунун өзгөрүүсүнөн сактап калууга болот, айрыкча эгерде ал акчаларды ар кандай валюталарга алмаштырам десеңер.

  • Уставдык капиталы 2,5 миллиард сомду түзгөн, ири эл аралык Банк болуп эсептелген жана Кыргызстандын рыногунда 25 жылдан бери иштеп келген FINCA Банк өз кардарларынын депозиттеринин коопсуздугуна, ишенимдүүлүгүнө жана туруктуулугуна кепилдик берет. Ар кандай жагдайларга карабастан, Банк түзүлгөн келишимдердин шарттарына ылайык, бардык кардарларына депозит боюнча пайыздарды чегерүүнү жана төлөп берүүнү туруктуу жана үзгүлтүксүз жүргүзүп турат.

Ошондой эле, Банк кардарларына Интернет-банкинг же СМС-билдирүү кызматы аркылуу өз депозиттерин жана эсептерин аралыктан башкаруу жана мониторинг жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн берет.

  • FINCA Банк депозиттерди коргоо системасынын катышуучусу болуп саналат жана бардык депозиттер Депозиттерди коргоо боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан камсыздандырылган.

БАНКТЫН АРАЛЫКТАН ТЕЙЛӨӨ КЫЗМАТТАРЫН КОЛДОНГУЛА

Коопсуздукту камсыздоо максатында, биз сиздерге аралыктан көрсөтүлүүчү банк кызматтарын колдонууну сунуштайбыз. Алар Банкка келбестен, өз каражаттарды аралыктан башкарууга мүмкүндүк берет, башкача айтканда, сатып алуулар үчүн акы төлөө, депозиттерди толуктоо, насыяларды төлөө ж.б. көптөгөн операцияларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Интернет-Банкинг – Кыргызстандын каалаган жеринен өзүнүн банктык эсебин күнү-түнү жана дем алышсыз башкаруу.

Интернет-Банкинг аркылуу төмөнкү операцияларды жүргүзүүгө болот:

  • Депозит ачуу жана аны толуктоо;

  • Насыяны төлөө;

  • Накталай эмес акча алмаштыруу;

  • FINCA Банкта ачылган эсептердин ортосунда да, башка банктардагы эсептерге да акча которуу;

  • Ырааттама боюнча төлөмдөр – кардардын FINCA Банктагы бир эсебинен башка эсебине автоматтык түрдө акча которуу кызматы;

  • Коммуналдык кызматтар үчүн акыны, мамлекеттик төлөмдөрдү төлөө;

  • Элсом электрондук капчыгын толуктоо;

  • Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөө

FINCA ELSOМ мобилдик капчыгы – Банкта эсеп ачуусуз мобилдик капчык, анын жардамы менен төлөмдөрдү дароо жана коопсуз ишке ашырууга болот.

FINCA Элсом аркылуу төмөнкү операцияларды жүргүзүүгө болот:

  • FINCA Банктагы насыяны төлөө;

  • FINCA Банктагы депозитти толуктоо;

  • Кыргызстандын аймагында акча которуу;

  • FINCA Элсомдон Элкарт карталарына акча которуу;

  • Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөө;

  • Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөө;

  • Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөө

FINCA ЭЛКАРТ төлөм картасы – Кыргызстандын каалаган жеринен каалаган убакта (күнү-түнү, дем алышсыз) акча каражаттарды башкарууунун заманбап, ыңгайлуу жана ишенимдүү каражаты.

FINCA Элкарт аркылуу төмөнкү операцияларды жүргүзүүгө болот:

  • Кыргызстандын каалаган ПОС-терминалдары аркылуу дүкөндөрдө/салондордо товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөө;

  • Кыргызстандын каалаган банкынын банкоматынан акча чыгаруу;

  • Золотая Корона (KoronaPay) жана CONTACT системалары аркылуу которулган акчаларды FINCA Элкарт картасына алуу.

ЭЛКАРТ МОБАЙЛ тиркемеси – FINCA Элкарт төлөм картасынын ээлери үчүн тиркеме.

  • FINCA Банктагы насыяларды төлөө;

  • FINCA Банктагы депозиттерди толуктоо;

  • Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөө;

  • Салыктарды төлөө;

  • Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөө;

  • Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөө;

  • QR-код аркылуу дүкөндөрдө/салондордо товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөө;

  • Элкарт төлөм системасынын ичинде картадан картага акча которуу.

Төлөм терминалдар тармагы – FINCA Банктын 300дөн ашык төлөм терминалдары аркылуу төлөмдөрдү дароо төлөө.

  • FINCA Банктагы насыяларды төлөө;

  • FINCA Банктагы депозиттерди толуктоо;

  • Элкарт карталарды толуктоо;

  • FINCA Элсом мобилдик капчыгын толуктоо;

  • Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөө;

  • Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөө;

  • 450дөн ашык кеңири белгилүү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөө.

www.FINCABANK.kg расмий сайты — FINCA Банктын бул расмий сайтынан Банктын бардык продуктулары жана кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө актуалдуу маалыматтарды жана акыркы жаңылыктарды таба аласыздар.

Ошондой эле биздин сайттан онлайн өтүнмөнү толтуруп, төмөнкүлөргө аралыктан өтүнмө калтырсаңыздар болот:

Ошондой эле, бул сайтта төлөм терминалдарын, ФИНКА Элсомду, ФИНКА Элкартты жана башка кызматтарды колдонууну үйрөтүүчү роликтер жайгаштырылган.

Кошумча маалымат алуу үчүн Банктын Кардарларды колдоо кызматына кайрылыңыздар: (0312)440-440 жана 4400 (уюлдук телефондон чалуу акысыз).

Өзүңүздөргө кам көрүп, коронавирусту алдын-алуу боюнча сунуштарды так аткарыңыздар жана мүмкүн болушунча үйдөн чыкпаңыздар!