FINCA Банк 2017-жылдын 2-июнунда Бишкек шаарында өтүүчү бизнес-жолугушуунун башкы демөөрчүсү болот.

Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы тарабынан өткөрүлүүчү иш-чаранын максаты – ишкердик байланышты түзүү. Анын катышуучулары – жеке ишкерлер жана өз ишин баштоону каалап жаткан адамдар. Программада «ФИНКА Банк» ЖАКтын жана башка башкы демөөрчүнүн – Elite-House курулуш компаниясынын бетачары, Улан Джумашевдин «Башкарылуучу сатуу бөлүмү. CPR жана IT ATC инструменттери» темасында сүйлөөсү, ошондой эле Айбек Куренкеевдин «Интернет аркылуу сатуунун жаңы каналын кантип оңой жана тез түзүүгө болот» аталыштагы мастер-классы.

Андан сырткары, speed dating (3 мүнөттүн ичинде таанышуу) форматында баарлашуу каралган.

Иш-чара 2-июнь күнү Orion Hotel Bishkek мейманканасында болуп өтөт, башталышы саат 17:00.