21-сентябрда Jannat мейманканасында жеңүүчүлөрдү сыйлоо боюнча салтанаттуу азем болуп өттү жана анда жеңүүчүлөргө баалуу белектер тапшырылды. Бардыгы болуп мелдешке 10 өлкөдөн 120 ашык спортчулар катышты. Угуусу начар оюнчулардын арасынан 12 жашка чейинки категорияда биринчи орунду Кыргызстандан Талантбек уулу Бектур ээледи, 18 жашка чейинкилерден – Казакстандык Кожакматов Султан жана Кыргызстандык Карыбекова Сабина ээледи, ал эми 18 жаштан жогоркулардын ичинен Монголиядан келген Туменбаяр Церенгав жана Казакстандан келген Горохова Наталья ээледи.

Көрүүсү начар оюнчулардын арасынан алтынга ээ болгондор: 12 жашка чейинки категорияда – Ирандан келген Раби Амир, 18 жашка чейинкилерден – Ирандык Карими Омид жана Кыргызстандык Болотбекова Мадина, 18 жаштан жогоркулардан – Тажикстандык Хамадов Сухроб жана Ирандык Саргази Седдигхен.

Кыймыл-аракет жагынан ооруган оюнчулардын арасынан 18 жашка чейинкилердин ичинен Кыргызстандык Бектемир уулу Рамазан, 18 жаштан жогору – Индиядан келген Шашихант Кутвал жана Кыргызстандык Острий Ирина жеңишке ээ болушту.