Пайдалуу нерсени жагымдуу менен айкалыштыруу – бул биздин иш! Күттүргөн күндүн жылуу илеби баарыбызга жаркын маанай тартуулап турганда, биз дагы жазгы жаңыланууга катышпай кое албадык.

Өткөн дем алыш күндөрү, Банк филиалынын ынтымактуу коллективдери жана башкы кеңсе аймактарды тазалоо жана көрктөндүрүү боюнча ишембилик өткөрдү. Кызматкерлер өз үй-бүлөсү менен бирге жардамга келишип, жакынкы аймактарды иретке келтирди, бакчаларга көчөттөрдү отургузуп, коомдук жайларды жакшыртуу боюнча иштерди жүргүздү.

Ишембилик учурунда жергиликтүү тургундар аткарылган иштер үчүн ыраазычылыгын билдирди. Администрация өкүлдөрү дагы FINCA Банкка райондорду өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирип, ийгиликтерди жана өнүгүүнү каалады.