Ошондой эле, IT чечимдерди иштеп чыгуу жана сунуштоо менен алектенген SAP эл аралык компаниясы биздин Банкты «Кызматкерлерди башкарууну санариптештирүүнү өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн» өзүнчө сыйлыгы менен сыйлады.

Жума күнү, 21-июнда, Кыргызстанда HR маданиятын өнүктүрүүгө арналган «HR Excellence 2019» ири иш-чарасы болуп өттү. Бул иш-чаранын уюштуруучусу Wind – Кадрдык Чечимдер эл аралык кадрдык компаниясы болду.

Сыйлыктын негизги максаты – эң актуалдуу, иштей турган жана уникалдуу HR тажрыйбаларды табуу, аныктоо жана көрсөтүү. Ал өзүнө ар кандай кесиптерди жана ишмердүүлүктүн түрлөрүн камтыйт. Аталган иш-чарага Борбордук Азиянын бардык компаниялары катыша алды. Сыйлык 10 номинация боюнча тапшырылды. Ал номинациялардын жеңүүчүлөрүн эл аралык эксперттерден турган калыстар тобу аныктады.

2019-жыл Кыргызстанда Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялангандыктан, “HR Digital – Жылдын долбоору” номинациясы негизги болуп эсептелип, санариптик технологиялар жана интернет менен байланышкан заманбап жабдуулар колдонулган долбоорлорду аныктоого багытталган.
FINCA Банк бул номинацияда онлайн платформаны жана «FINCA Learning Zone» мобилдик тиркемени сунуштады, ал 2016-жылдын сентябрь айында кызматкерлерди окутуу процессине киргизилип, ушул күнгө чейин колдонулат.

FINCA тез өсүп-өнүгүп жаткан уюм, ал өз кызматкерлерин тез жана сапаттуу окутууга арналган бизнес-мамилелерди түзүүгө жана өзгөртүүгө багытталган.
Бардык кесиптештерибизди куттуктайбыз жана жаңы жеңиштерди каалайбыз!