FINCA Bank Глобалдык акча жумалыгынын алкагындагы «Үйрөнгүлө. Акча топтогула. Иштеп, акча тапкыла» Улуттук фотосүрөт сынагынын демөөрчүсү болду.

«Глобалдык акча жумалыгы» (Global Money Week) – бул жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык кампания, ал балдарга жана жаштарга акча жана акча топтоо, ишке орношуу жана жеке бизнесин ачуу боюнча кызыгууларын арттырууга дем берет. Бул жолу мындай майрам дүйнө жүзү боюнча 27-марттан 2-апрелге чейин өткөрүлдү. Кыргызстанда #GMW сынагынын жабылуу жана сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи 3-апрелде Бишкек шаарындагы К.Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында болуп өттү.

Бул жылы FINCA Bank фотосүрөт сынагын колдоого алды. Бул сынак балдардын жана жаштардын финансылык сабаттуулугунун деңгээлин жогорулатуу, алардын көңүлүн акчаны башкара билүүнүн зарылдыгына буруу, алдыга максаттарды коюу жана финансылык пландарды иштеп чыгууга үйрөтүү максатында өткөрүлдү. Сынакка 25 жашка чейинки кыргызстандыктар катыша алышты, алыскы аймактардан жана айылдардан дагы.

Сыйлоо аземинде майрамдык сөзү менен Банк башкармалыгынын төрайымы Маргарита Черикбаева сүйлөп, мындай иш чараларды өткөрүүнүн зарылдыгын белгилеп кетти жана жеңүүчүлөргө 2500 сомдон 5000 сомго чейинки депозиттерге сертификаттарды тапшырды.

Биринчи орун үчүн сыйлыкты Айтилек Шайлобекова жана Керез Асыбек кызы алды, экинчи орунду Джанбек Нурали Нурбек уулу жана Венера Жалиева ээледи, ал эми үчүнчү орунга Дария Пери Исакова жана Бекзот Сиддиков ээ болду. Атайын сыйлыктар «Светлый путь» балдар үйүнө, Аяна Оромбековага жана Кароматулло Расуловго тапшырылды.

Глобалдык акча жумалыгы бүткөндүгүнө карабастан, Кыргызстандын мектептеринде жана жогорку окуу жайларында жазгы каникулдар аяктагандан кийин финансылык сабаттуулук боюнча семинарлар өткөрүлөт. Өлкөдөгү GMW сынагынын жалпы жыйынтыктары жөнүндө биз кошумча маалымдайбыз.

Сиздерге аталган иш чарадан фотоотчетту тартуулайбыз: