Банктын Директорлор Кеңеши
Директорлор Кеңеши жоопкерчиликтүү финансылык тейлөөнү камсыз кылууга мүмкүндүк берген кеңири, ар кыл билимдерге жана көндүмдөргө ээ.
Флорин Лила
Директорлор кеңешинин төрагасы, вице-президент жана Евразия боюнча аймактык Директор
Флорин Лила
Флорин Лила FINCA компаниясына 2012-жылы келген, адегенде – Аймактык Директордун орун басары, андан соң – FINCA Косовонун Башкы Директору болуп эмгектенген. Азыркы Вице-Президент жана Евразия боюнча Аймактык Директор кызматын аркалоо менен ал Евразия аймагындагы FINCAнын бардык туунду компанияларынын Директорлор Кеңешинин Төрагасы болуп саналат жана алардын өнүгүүсүнө жана аларды көзөмөлдөөгө жооптуу. Ошондой эле ал FINCA Impact Finance жетекчилер курамынын мүчөсү.
Флорин банк тармагында тажрыйбага бай жана анын билим деңгээли абдан жогору. FINCA компаниясына келгенге чейин ал 13 жыл банк секторунда иштеген; ал башкаруу органдарында, Косоводо жана Ганада Директорлор Кеңешинин деңгээлинде тажрыйбасы бар.
Ал Улуу Британиянын Стаффордшир Университетинин бизнес-аналитика тармагы боюнча экономиканын магистри илимий даражасына ээ.
“Караңгылыкты каргагандан көрө, шам жандырган оң”
Джон Ф. Кеннеди
Тургунбекова Эльнура
Директорлор кеңешинин мүчөсү
Тургунбекова Эльнура
Эльнура Тургунбекова 17 жылдан бери аудит маселелери боюнча иш жүргүзүп, төмөнкүдөй тажрыйбаларга ээ болду:
- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы (башкы адис, адис-эксперт, бөлүм башчысы, тышкы адис).
- Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк банктын долбоорлору («Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик сектордун ички аудитинин потенциалын өнүктүрүү» долбоорунун башкы тренери/координатору, Дүйнөлүк банктын «Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасын күчөтүү» долбоорунун координатору).
- Германиянын эл аралык кызматташтык коому (финансылык аудит боюнча тренер).
- Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасынын долбоорлору (ЮСАИД/ПРООНдун «Кыргыз Республикасындагы бюджеттин ачык-айкындуулугун камсыздоо» долбоорунун мамлекеттик аудит боюнча адиси, ЕС-ПРООНдун «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ишмердүүлүгүнө жардам көрсөтүү» долбоорунун алкагында сот системасынын финансылык көз карандысыздыгын камсыздоого жардам көрсөтүү боюнча адис).
- Кыргыз Республикасындагы Европа биримдигинин өкүлчүлүгүнүн долбоору (ЕБнын «Социалдык коргоо секторун реформалоо боюнча контракттын ишке ашырылышын техникалык колдоо» долбоорунун мамлекеттик аудит боюнча эксперти).
Фисник Кепуска
Директорлор кеңешинин мүчөсү
ФИСНИК КЕПУСКА
Фисник Кепуска мырза FINCA-Косового 2016-жылы июлда Финансылык Директор болуп келген, ал бул кызматта төрт жыл иштеген, андан кийин 2020-жылы FINCA-Косоводо Операциялык Директор кызматына дайындалган. Кепуска мырза FINCA-Азербайжан жана FINCA Банк – Кыргызстандын Директорлор Кеңешинин директорлорунун бири болуп саналат, ошондой эле ошол эле уюмдарда Аудит боюнча Комитеттердин, IT жана Санариптик каржылоо боюнча Комитеттин мүчөсү болуп саналат. Кепуска мырзанын Косоводогу жана аймактардагы финансы жана банк секторунда 24 жылдык тажрыйбасы бар. Төрт жыл бою ал “Banka Ekonomike” банкында Башкы директордун орун басары кызматын аркалаган. Ал буга чейин “Raiffeisen Bank Kosovo”, “Nova Ljubljanska Banka Prishtina” сыяктуу эл аралык банктарда ар кандай жетекчилик жана башкаруу кызматтарында иштеген, анын ичинде филиалдарды башкаруу, ички аудит, кредиттик тобокелдик, операциялык тобокелдик боюнча иш алып барган.
Кепуска мырзанын башка иш тажрыйбасына Приштина университетинде маркетинг курсунун окутуучусу, Косовонун Банктар Ассоциациясында Директорлор Кеңешинин Төрагасынын орун басары, “SIGURIA” камсыздандыруу компаниясында Аудитордук Комитеттин мүчөсү жана мамлекеттик сектордо муниципалдык менчиктеги компаниянын Директорлор Кеңешинин Төрагасы кызматында иштеген иши кирет. Ал өзүнүн эмгек жолун USAID’дин Косоводогу бизнести колдоо (KBS) боюнча долбоорунун алкагында башкаруу маселелери боюнча Кеңеш берүүчү катары баштаган жана азыр да Ишкердикти жана ишканаларды өнүктүрүү борбору (CEED) үчүн коомдук негизде жаш ишкерлерге акысыз кеңеш берүү кызматтарын көрсөтүүнү улантып келет.
Кепуска мырза 2000-жылы Лондондун экономика жана саясий илимдер мектебинде (LSE) магистр даражасын (MSc) алган жана Приштина университетинин Экономика факультетинин экономист адистиги боюнча дипломуна ээ. Кепуска мырза албан, англис, серб жана хорват тилдеринде эркин сүйлөйт.
Toрoбaeва Hуpгул
Директорлор кеңешинин мүчөсү
Toрoбaeва Hypгул Aскаровна
Нургүл Төрөбаеванын банктык жана финансылык кызмат көрсөтүүлөр чүйрөсүндөгү иш тажрыйбасы 25 жылга жакын.
Нургүлдүн кесиптик карьерасына Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында, Кредиттик союздардын финансылык компаниясында, Германиянын техникалык колдоо программасында иштеген иши, «Бай Түшүм» банкында 13 жылдан ашык жетекчилик кызматта иштеген иши жана бир нече уюмдарда кеңеш берүү кызматын көрсөткөн. Кызматтык милдеттеринин чөйрөлөрү – финансыларды башкаруу, тобокелдиктерди башкаруу, бухгалтердик эсеп, активдерди жана пассивдерди башкаруу, долбоорлорду башкаруу ж.б.
2012-жылдан тартып ал Тажикстандагы «Арванд» банкынын Байкоочу кеңешинин мүчөсү, ал эми 2021-жылдан тартып Кыргызстандагы «ФИНКА Банк» ЖАКтын Директорлор Кеңешинин мүчөсү болуп саналат.
Нургүл Төрөбаева активдерди жана пассивдерди башкаруу, тобокелдиктерди башкаруу, корпоративдик башкаруу ж.б. тренингдерден өткөндүгү жөнүндө көптөгөн сертификаттарга ээ. 2010-жылы ал Америкалык банк ассоциациясынын Банк иши боюнча жогорку мектебинде квалификациясын жогорулатуу курстарынан өткөн. 2019-жылы Германиянын Франкфурт мектебинде экзамен тапшырып, тобокелдиктерди башкаруу боюнча сертификаты бар эксперт болгон.
Евгения Гашикулина
Директорлор кеңешинин мүчөсү
Евгения Гашикулина
Евгения Гашикулина ар кандай рыноктогу банктык чөйрөдө 20 жылдан ашык тажрыйбага ээ, анын ичинде 10 жыл топ-менеджмент кызматтарында иштеген.
Евгения микро, чакан жана орто бизнеске адистешкен ири эл аралык банктык топтун Молдавиядагы туунду компаниясында бир катар жетекчилик кызматтарды ээлеген. 2019-2022-жылдары Азербайжандагы чакан бизнес үчүн алдыңкы банкта Башкарманын Төрагасынын биринчи орун басары жана Башкарманын Төрагасынын милдетин аткаруучу болуп иштеген. Азыркы учурда ал Германиянын “I.D. Inspiring Development GmbH” консалтинг компаниясында Улук Банкир.
Евгениянын ишмердүүлүгүнүн негизги чөйрөсү болуп, чакан жана орто ишканалар жана чекене бизнес үчүн бэнкингди өнүктүрүү, кредиттөө жана кредиттик тобокелдиктерди башкаруу, өзгөрүүлөрдү башкаруу жана уюмдардын финансылык абалын чыңдоону башкаруу, стратегия жана операциялык натыйжалуулук боюнча кеңеш берүү саналат.
Кеңеш берүүчү катары ал банктарды жана финансылык мекемелерди текшерүүчү топторду жетектеген, ошондой эле бизнес жана ретейл бэнкинг ишин ийгиликтүү трансформациялоо, кайра уюштуруу жана оптималдаштыруу боюнча топ-менеджерлердин командалары менен иштеген. Анын КМШ өлкөлөрүндөгү, Борбордук жана Чыгыш Европадагы, Африкадагы жана Латын Америкасындагы мекемелер жана долбоорлор менен иштөө тажрыйбасы глобалдык келечек пландарды түшүнүсүн жана маданияттар аралык коммуникация көндүмдөрүн өстүрөт.
2008-жылга чейин Евгения Кыргызстандагы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕБРР) микрофинансылоо программасында банктык кеңеш берүүчү болуп иштеген, анда өнөктөш банктарда микрофинансы бөлүмдөрүн түзүүгө жооптуу болгон.
Евгения Франкфурттун Менеджмент жана Финансы мектебинин тобокелдиктерди башкаруу боюнча сертификатына, Париждеги “Ecole des Ponts” Жетектөөчү кадрларды даярдоо боюнча Глобалдык дүйнөлүк программасынын (Global Executive MBA) Бизнести башкаруу боюнча магистри даражасына жана Барселонадагы EADA эл аралык бизнес мектебинин магистр даражасына ээ.
FINCA БАНКТЫН ЖЕТЕКЧИЛИГИ
Экономиканын ар кайсы тармагындагы эбегейсиз тажрыйбага, көндүмдөргө жана билимдерге ээ кесипкөйлөрдүн командасы
Саидахматов Махмуд
Башкармалыктын төрагасы
Саидахматов Махмуд
Махмуд FINCAга 2006-жылдын декабрь айында FINCA Кыргызстандын Операциялык Директору кызматына келген. Бул позицияга коюлган стратегиялык максаттардын бардыгын ийгиликтүү ишке ашыргандан кийин, 2009-жылы ал FINCA Азербайжандын Башкы Директору, андан кийин, 2010-жылы FINCA Кыргызстандын Башкы Директору болуп дайындалган. Махмуд FINCA Кыргызстандын Башкы Директору кызматын 2015-жылдын февраль айына чейин ээлеген, кийинчерээк Кыргызстандагы FINCA Банк Башкармасынын Кеңешчиси болуп дайындалган. 2015-жылдын июль айынан 2018-жылдын июнь айына чейин Махмуд Башкы Директорлук кызматында FINCA Иорданиянын ишин жетектеген.
Азыркы убакта ал Кыргызстандагы FINCA Банк Башкармасынын Төрагасы.
FINCAга келгенге чейин, Махмуд өнүгүп жаткан өлкөлөрдө жана өткөөл экономикалуу өлкөлөрдө банк ишмердүүлүгүнө жана Чакан жана орто бизнести финансылоо боюнча долбоорлорго адистешкен “LFS Financial systems GmbH” германиялык консалтинг жана башкаруу компаниясында 4 жыл эмгектенген.
Банк ишмердүүлүгү боюнча кеңешчи болуп иштеп турганда Махмуд Өзбекстандагы, Тажикстандагы жана Азербайжандагы долбоорлорду («Access Bank») жетектеген, ал долбоорлор ар түрдүү коммерциялык банктардагы кредит берүүнү жана Чакан жана орто бизнести тейлөөнү өнүктүрүүгө багытталган.
Махмуд өзүнүн кесиптик банктык эмгек жолун 1998-жылы Өзбекстандын Улуттук Банкында баштаган, ал жерде ал Инвестициялар боюнча улук адис кызматында 3 жыл эмгектенген.
Махмуд экономика жаатындагы дипломун Өзбекстандын Улуттук университетинен, ал эми Экономика жана коомдук илимдер жаатындагы магистр илимий даражасын Улуу Британиянын Манчестер университетинен алган. Ошондой эле ал Америкалык банктар ассоциациясынын жетекчилиги астында Пенсильвания университетинин алдындагы (АКШ, Филадельфия) Stonier Graduate School of Banking (Стониер жогорку банк мектебинен)
кесиптик тастыктоодон өткөн.
Бегалиев Максат
Башкарманын төрагасынын орун басары, Финансылык Директор
Бегалиев Максат
Максат Сапарович «ФИНКА» чоң үй-бүлөсүнө 2008-жылы ФИНКА МККнын казыначысы кызматында кошулган. 2015-жылы «ФИНКА Банк» ЖАКтын Казына бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган.
2018-жылдын 10-майында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Максат Бегалиевдин талапкерлигин Башкарманын Төрагасынын орун басары, FINCA Банктын финансылык директору кызматына бекитти.
Максат Сапарович 1978-жылдын 28-октябрында Бишкек шаарында туулуп, өскөн.
Ал Кыргыз-Россия Славян Университетинде Дүйнөлүк экономика адистиги боюнча жогорку билимин алган.
Максат Сапарович 2000-жылы университетти аяктагандан кийин, эмгек жолун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Банктарды инспектирлөө бөлүмүнүн адиси кызматынан баштаган.
2004-жылдан 2008-жылга чейин филиалдын бухгалтери, Филиалдын директорунун орун басары, Ички аудит бөлүмүнүн башчысы кызматтарында эмгектенип, Кыргыз Инвестициялык Кредит банкында (KICB) филиалдык тармактарды өнүктүрүү боюнча иш жүргүзгөн.
Белгилей кетүүчү нерсе, Максат Бегалиевдин талапкерлиги жетекчилик тарабынан көрсөтүлүп, колдоого алынган. Анын банк чөйрөсүндөгү арбын тажрыйбасы, узак убакыт бою ФИНКАнын баалуулуктарын сакташы буга негиз болду.
Асланова Назакат
Башкарманын төрагасынын орун басары, Коммерциялык Директор
Асланова Назакат
Асланова Назакат FINCA Кыргызстанда 2017-жылдын декабрь айынан тартып Операциялык Директор кызматында иштеп баштаган.
Назакат FINCA Кыргызстанга келгенге чейин, б.а. 2002-жылдан 2017-жылга чейин FINCA Азербайжанда ушул эле кызматты ээлеген.
1999-жылдан тартып 2002-жылга чейин Асланова Назакат Миграция боюнча Эл аралык уюмда Окутуу жана MIS боюнча офицер кызматында иштеген.
Назакат Британиянын Варвик Бизнес мектебин бүтүргөн, анын финансы чөйрөсүндөгү тажрыйбасы чоң. Ал көп убакыт бою микрофинансы секторунда жана эл аралык программаларда иштеген.
2017-жылдын декабрь айында Асланова Назакат Директорлор Кеңеши тарабынан «ФИНКА Банк» ЖАК Башкармасынын Төрагасынын орун басары кызматына дайындалган.
Ассета Красножонова
Башкарманын төрагасынын орун басары, Операциялык Директор
Ассета Красножонова
FINCA Кыргызстанга келгенге чейин, 2010-жылдан 2013-жылга чейин Ассета франциялык Oxus International Kyrgyzstan финансылык холдингинде Операциялык директор кызматын ээлеген.
2004-жылдан 2010-жылга чейин Ассета «Демир Кыргыз Интернэшнл Банк» ЖАКта иштеген, 2007-жылы ал жерде Чекене бизнес департаментин түзүп, андан кийин ал Департаментти жетектеген. 2004-жылга чейин Ассета Улуу Британиянын Эл аралык өнүктүрүү министрлигинде (DFID) иштеген. Ассета Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика боюнча МВА даражасына ээ жана ABA Stonier Банк иши боюнча жогорку мектебинде (АКШ) Банктын жетекчилерин окутуу программасын аяктагандыгы тууралуу дипломго ээ.
Алексей Горбатовский
Башкарманын мүчөсү, юридикалык бөлүмдүн башчысы
Алексей Горбатовский
Алексей Геннадьевич Горбатовский FINCA Банк-Кыргызстанда 2003-жылдын октябрынан тартып юрист кызматында иштеп баштап, 2006-жылдын февраль айында FINCA Банк-Кыргызстандын юридикалык бөлүмүнүн башчысы кызматына дайындалган.
FINCA Банк-Кыргызстанга келгенге чейин, 1995-жылдан 1997-жылдын май айына чейин Алексей Горбатовский «Кыргызпромстройбанк» ААКда жана «Kurulush-Банкта» башкы юрист-кеңеш берүүчү кызматында эмгектенген.
1997-жылдын май айынан 1999-жылдын апрель айына чейин Алексей Горбатовский «Демир Кыргыз Ишнернэшнл Банк» ЖАКта юрист-кеңеш берүүчү кызматында иштеп, укуктук коргоо маселелери боюнча иш алып барган. 1999-жылдын май айынан тартып 2003-жылдын сентябрь айына чейин Англиялык CAMCO Сorporation Ltd инвестициялык компаниясында эмгектенген.
2017-жылдын август айында Алексей Горбатовский Директорлор Кеңеши тарабынан «ФИНКА Банк» ЖАК Башкармасынын мүчөсү болуп дайындалды.
Глобалдуу жетекчилик
FINCA Микрофинансылык Холдингинин Глобалдуу Жетекчилиги 10 000ден ашык кызматкерден турган уюмду башкарат