Айнура бир убакта эле бир нече иш менен алектенет. Ал финансылык абалын жакшыртуу үчүн туугандарынан карыз алгысы келбей, анын ордуна кредит алып, жолдошу экөө кичинекей ферма ачышкан.

Сүт азыктарын сатуудан түшкөн кирешеге Айнура малдын санын жана түрүн көбөйткөн. Анын короосунда уйдан баштап индюкка чейин бар, ал эми бакчасында ар түрдүү жашылча, жер- жемиштер өсөт.