Бурмабү балдардын кийимдерин сатып иштечү, базар жабылгандан кийин өзүнө жаңы орун издөөгө туура келди. Кредит алып, бизнести өнүктүрүүгө боло тургандыгы тууралуу цехтеги кесиптешинен уккан. Бурмабү алгач абдан корккондугун жашырбайт, акча жетишпей, сатып алуучулар жок болгон дейт.

Бирок, ал товарлардын түрүн көбөйткөн, азыр да анын дүкөнүнөн бардык керектүү нерселерди табууга болот. 15 жылдан бери ал өзү бардыгына жетишип келет, ал бардыгы алдыда деп эсептейт. Жайкы каникул убагында Бурмабүгө балдары жардам берет.