Эң сонун эне, чоң апа, тарбиячы жана мыкты кулинар Марьяны билбеген адам жокко эсе. Ал пенсияга чыкканга чейин бала-бакчада иштеген. Үй-бүлөсүнүн финансылык абалы начарлаганда Марья ойлонуп көрүп, кондитер азыктарын даярдоого киришти.

9 жыл мурун биринчи кредитине азык-түлүктөрдү сатып алып, алгачкы азыктарын чыгарган. Мурун таттуулардын даамын үй-бүлөсү тата турган болсо, азыр эми шаардыктардын бардыгы сурашат. Ал талыкпастан дагы иштеп, өзүнүн 5 бала 15 небереден турган чоң үй-бүлөсүн кубанта бергенге даяр.