Холисхандын өзүнүн бут кийим саткан дүкөнү бар, аны 20 жылдан бери иштетип келет. Анын күндөлүк жумушу: Кара-Сууга барып, түрдүү товарларды алып келип, өзүнүн дүкөнүнө сатууга коет.

Бул жылдарда Холисхан өзүнүн туруктуу кардарларын тапты, алар дайыма соода кылып турушат. Ал болсо жардам бергенине ыраазы. Холисхандын айтуусу боюнча, ар бир эле адам оор жагдайга туш болот, бул анын да башынан өткөн. 16 жыл мурун FINCAга өзүнүн финансылык абалын жакшыруу үчүн кайрылган. Азыр Холисхан 2 бойго жеткен уулун бутуна тургузду, 4 небереси аны күн сайын кылыктары менен кубантып турат.