Талас шаарынын борборунда жакын жайгашкан үйлөр жактырган чакан азык-түлүк дүкөнү бар, анткени ал жердеги азык-түлүктөр дайыма жаңы жана ассортиментке бай. Андан тышкары, сылык мамиле кылган ээлери карызга жазып азы алуу үчүн кирген кардарлары менен да жакшы сүйлөшүп, берип турушат, кардарлары дагы өз убагында кайтарууга аракет кылышат.

Бул дүкөндүн ээлери, “ФИНКА Банк” ЖАКтын кардарлары – Эсеналиевдердин үй-бүлөсү. Чынарбек биринчи жолу Талас филиалындагы кеңсеге 6 жыл мурда келип, өзүнүн алгачкы насыясын алып, дүкөнчө ачкан. Иш башталганда эле кызуу жүрүп, Чынарбек насыянын жардамы менен мал чарбасын өнүктүрүү ишин баштаган жана бүгүнкү күндө ал бир нече баш ири мүйүздүү малдын ээси болуп отурат

Эсеналиевдердин үй-бүлөсүндө балдарынын улуусу 30га толу, неберелери да чоңоюуда. Бош убактысында Чынарбек өзү ырдаганды жакшы көрөт, үй-бүлөлүк дасторкондо баары аны жакшы көрүшөт. Ал жубайы – казак кызы Бүбүнар менен таанышкан учурун жылмаюу менен эстейт. Жаштар Кара-Балтада бирге окушкан жана алгач таанышканда элеал түбөлүк бирге болууну чечкен. Мындай тез чечим кабыл алуу сапатын Чынарбек өзүнүн өзгөчө мүнөзү жана артыкчылыгы  катары баалайт.

Ошондой эле үй-бүлө жакында эле үйүнүн бир бөлүгүн мейманкана бизнесине берүүнү чечишкен. Анткени алардын айылы Кара-Ой  Ош, соң-Көлдөн келе жаткан жолдо жайгашкан, чарчаган жолчулар Эсеналиевдердин үйүнө токтолуп, эс алып кетип турушат.

«Биздин кичүү кызыбыз азыр экинчи класста жана биз анын келечегин камсыздоо боюнча чоң пландар бар, ага татыктуу билим беришибиз керек. Ошондуктан биз жубайым экөөбүз үй-бүлөлүк бизнести андан ары өнүктүрүүнүн үстүндө ойлонуудабыз. Биз келечекке ишенимдүү карайбыз, ФИНКА Банк болсо биздин пландарды ишке ашырууга жардам берет!»