ИНТЕРНЕТ-ЭКВАЙРИНГ ДЕГЕН ЭМНЕ?

Интернет-эквайринг — бул сатуучу үчүн товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү веб-сайт аркылуу банктык карталардын жардамы менен накталай эмес түрдө кабыл алуу мүмкүнчүлүгү!

ИНТЕРНЕТ-ЭКВАЙРИНГГЕ ТУТАШУУ ҮЧҮН:

Сатуучунун веб-сайты/мобилдик тиркемеси жана ЭЛКАРТ карталары аркылуу төлөмдөрдү кабыл алууну коштуруу мүмкүнчүлүгү бар болушу керек

Эсептешүү эсеби бар болушу керек

Интернет-эквайрингге туташуу жөнүндө келишим түзүү керек

САТУУЧУ ҮЧҮН АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ:

Кардарлар үчүн ыңгайлуу. Төлөм түздөн-түз сатуучунун сайтында же мобилдик тиркемесинде кабыл алынат

Чыгымдарды кыскартат. ПОС-терминалды орнотуунун жана орнотуу үчүн акы төлөөнүн кажети жок

Лоялдуулукту жогорулатат. Кыргызстанда 1 миллиондон ашык адамда ЭЛКАРТ картасы бар

ТАРИФТЕР:

Операциянын түрү Картанын түрү Сатуучу үчүн комиссия Сатып алуучулар үчүн комиссия
Интернет аркылуу накталай эмес төлөө (товарларга жана кызмат көрөтүүлөргө) ЭЛКАРТ 1% 0%
Келип түшкөн акча каражаттарды (кардарлар Интернет аркылуу төлөгөн төлөмдөрдү) эсептешүү эсебинен накталоо 0% 0%