«Жетим балдардын укугун коргоо» коомдук фонду FINCA Банктын дарегине ыраазычылык катын жолдоду. Анда фонддун жетекчилиги өз карамагындагы балдар үчүн майрамды өткөрүүгө карата көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылыгын билдирди.

«Сиздер көрсөткөн жардам абдан пайдалуу болду: жетим балдар сиздердин көңүл буруп, аларга камкордук көрүп жатканыңыздарды сезүүгө жардам берди. Ата-энесинин мээриминен ажыраган балдардын көйгөйлөрүнө көңүл кош карабастан, жардам бергениңиздер үчүн чын жүрөктөн ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Сиздердин жардамыңыздар менен жетим балдардын жашоосу көңүлдүү жана маңыздуу болуп калды», – деп жазылды билдирүүдө.