FINCA Банк ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды алгач өзүнүн киреше берген ишмердиктеринен баштап ишкердиктин негиздерине окутуу максаты болуп эсептелген «ЛОВЗпринт» социалдык-ишкердик долбоорун колдоого алды.

Долбоор Кыргыз чоңдорго билим берүү ассоциациясы тарабынан 2016-жылдан тартып иштеп келе жатат. Азыр социалдык жана бизнес-долбоорлоого 7 майып адамдан турган экинчи топ бекер окууда. Балдар видеороликтерди тартуу жана куроо, кийимдерди бычуу жана тигүү, коммуникация жана сатуу көндүмдөрү, PR, социалдык тармактарда интернет-маркетинг жана жылдыруу, графикалык дизайн, полиграфиялык иштер, азембелектерди жана башка продукцияларды даярдоо боюнча билим алууда.

Сокулукта, Кудайберген базары районунда жана Ала-Тоо айылында коляска менен жүргөн төрт катышуучу баланы өзүнүн автоунаасы менен жеткирип жүргөн Рустам Иманалиевге Банк бензин куюп берүүгө демөөрчүлүк кылганынан улам сабакка келишүүдө. Жардам окутуунун уюштуруучуларынын кайрылуусуна жооп катары көрсөтүлүүдө.