1995: FINCA Кыргызстанда негизделген
FINCA Кыргызстанда кирешеси төмөн болгон ишкерлерге, өзгөчө аялдарга кредит берүүчү программа катары негизделген. Биринчи тилектеш кредиттик топ Чүй облусунда түзүлгөн.

1998: Жеке кредит берүү киргизилген
FINCA Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарында ийгиликтүү иштеп баштайт. Жаңы продукт – жеке кредит берүү киргизилген. Кардарлардын саны 10 000ге жеткен.

2001: FINCAнын кардарларынын саны 20 000 адамга жеткен
FINCAнын кардарларынын саны 20 000 адамга жеткен. Кредиттик портфель 3 272 782 АКШ долларын түзгөн. FINCAнын кеңселер тармагы бүт өлкөнү камтыйт.

2003: «ФИНКА микрокредиттик компаниясы» ЖАК түзүлгөн
2003-жылы Кыргызстандын жаңы микрокаржы жөнүндө мыйзамдарына ылайык, FINCA «ФИНКА микрокредиттик компаниясы» Жабык Акционердик Коому болуп кайра катталган. FINCA Кредиттик маалыматтык бюронун мүчөсү болот.

2005: FINCA Кыргызстан он жылдык мааракесин белгилейт
Активдүү кардарлардын саны 26 000ге жетет. Жаңы 2 кредиттик продукт киргизилген: «Экспресс-кредит» жана «Айыл-кредит». «Айыл-кредиттин» шарттары, анализдөө ыкмалары жана мөөнөттөрү атайын айыл жериндеги ишкерлер үчүн иштелип чыккан. FINCA Кыргызстандагы Америка Соода Палатасынын мүчөсү болуп калат. FINCAнын демилгеси менен микрокаржы уюмдарынын ассоциациясы түзүлгөн (МФУА).

2007: Компаниянын кардарларынын саны 50 000ге жетет
Компаниянын кардарларынын саны 50 000ге жетип, FINCA Кыргызстандагы микро кредит берүү рыногунда лидерлик статусту багындырган. Кеңселердин саны 65ке жеткен. Кызматкерлердин саны 540 адамды түзгөн

2009: FINCA Кыргызстандын активдүү кардарларынын саны 100 миңге жетти
«Ырахаттанып жашоо!» – компаниянын 2009 – жылга койгон девизи болдy. 2009-жылдын майында FINCA 100 миң активдүү кардарга ээ болду. Бул маанилүү окуяга байланыштуу кызматкерлер жана кардарлар үчүн атайын акция жарыяланып, жыйынтыгында эң эле активдүү кардарларга жана кызматкерлерге 100дөн ашык белек тапшырылды.

2010: FINCAнын кардары FINCA Internationalдын Нью-Йорктогу 25 жылдык мааракесине катышып кайткан
Кыргызстандагы апрель революциясынан кийинки кыйын шарттарга карабастан FINCA компаниясы МКУАнын мүчөлөрүнүн кредиттик портфелинин жалпы көлөмү боюнча эң чоң үлүшкө 29% ээ болгон. Кредит берүү шарттарын жакшыртууга багытталган бир катар чаралар кыбыл алынган. Олуттуу окуялардын бири катары FINCAнын кардары FINCA Internationalдын Нью-Йорктогу 25 жылдык мааракесине катышкандыгын атоого болот, ал иш-чарага ошондой эле FINCAнын ыктыярдуу элчиси жана белгилүү голливуд жылдызы Натали Портман катышкан.

2012: FINCA Кыргызстан калктын финансылык сабаттуулук деңгээлин жогорулатуу боюнча долбоорду киргизген
2 жыл ичинде тренерлер финансылык сабаттуулук боюнча 576 тренинг өткөрүшкөн жана 10 798 адамды окутушкан. FINCA Global Money Weekге катышып, мектеп окуучуларына жана студенттерге тренингдерди өтүп, студенттер үчүн окуу китебин даярдап чыгарган.

2015: FINCA Банк
2015-жылдын март айында «МКК ФИНКА» ЖАК банк уруксаттамасын алган жана «ФИНКА Банк» ЖАК болуп өзгөргөн.

2017: FINCA Банк Smart Campaign тастыктамасына кайрадан ээ болду
FINCA Банк кардарларды коргоо принциптерине шайкештик тууралуу Smart Campaign тастыктамасына кайрадан ээ болду. «Тастыктоодон өтүү – бул микрофинансы уюмдары өз кардарларын коргоп жаткандыгынын айкын мисалы жана бардык кызыктар тараптардын микрофинансы тармагынын туруктуулугун жогорулатууга жасаган аракетинин айкын көрүнүшү», – деп билдирди Smart Campaignдын аткаруучу директору Изабель Баррес (Isabelle Barrès). Эскерте кетчү нерсе, FINCA Банк жылдын башында кардарларды коргоо принциптерине шайкеш келүү боюнча текшерүүдөн өткөн. Анын жүрүшүндө Microfinanza Rating (Италия) эл аралык рейтингдик агенттиктин эксперттери банктын ишмердүүлүгүн жана ал финансылоонун төмөнкү жети принцибин сактоо менен иш жүргүзүп жаткандыгын текшерип чыгышты: 1. Продуктуларды кардарлардын керектөөсүнө жана мүмкүнчүлүгүнө ылайыкташтыруу 2. Кардарлардын өтө көп карыз болушуна (өтө көп насыя алышына) жол бербөө 3. Ачык-айкындуулук 4. Бааны жоопкерчилик менен коюу 5. Кардарларга калыс жана сый мамиле кылуу 6. Кардарлардын маалыматтарынын конфиденциалдуулугу 7. Арызданууларды чечүүнүн механизмдери. Кардарларды коргоо жаатындагы тастыктоо – бул биздин банк кардарларды коргоо стандарттарын тийиштүү деңгээлде сактап жаткандыгын таануу дегендик. Тастыктаманын бар болушу – банк кардарларды тармак ичинде кабыл алынган коргоо принциптерине таянып, тейлеп жаткандыгын ачык көрсөтүп турат. Андан сырткары, кардарларды коргоо жаатындагы тастыктоо кардарларга ачык-айкын, калыс жана сый мамиле кылууну камсыздоого багытталган тажрыйбаны колдоо аркылуу тармактагы туруктуулукту сактоого жардам берет. Урматтуу кесиптештер! Тастыктоодон ийгиликтүү өтүшүңүздөр менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Биз FINCA Банк өз кардарына берилүү менен мамиле кылаарын дагы бир ирет далилдедик. Муну биз Smart Campaignдын жети принцибин сактоо менен күнүмдүк ишибизден көрсөтүп келебиз.