Айлык акы долбоору – ар түрдүү статустагы уюмдар үчүн  коммерциялык банктар сунуштаган кызмат. Булар жеке компаниялар жана бюджеттик мекемелер дагы болушу мүмкүн. Мындай долбоордун алкагында айлык акы жана социалдык мүнөздөгү башка төлөмдөр компаниянын жана уюмдардын кызматкерлерине пластикалык карталарына жөнөтүлөт.

Айлык акы долбоору касса операцияларын кыскартууга, айлык акы берилген күнү кассадагы кезекти жоюуга жана инкассацияга кеткен чыгымдарды кыскартууга мүмкүндүк бергени үчүн ыңгайлуу жана пайдалуу.

Колдонулушу боюнча айлык акы долбоорунун алкагында кардарларга берилген банк карталары жеке кардарларга берилген карталардан эч айырмаланбайт. Айлык акы картасы  — ошол эле пластикалык карта, болгону жумуш берүүчү ага айлыгыңызды которот.

Бир банктын айлык акы долбоорунун башкадан айырмасы – банктар анын алкагында кошумча кызматтарды сунуштай алышат. Мисалы, айлык акы карталарынын кармоочуларына төмөнкү чен менен накталай кылуу же банктын тармактарында акысыз накталай кылуу; эсептеги каражаттардын калдыгына пайыздарды эсептөө; кызматкерлер үчүн жеңилдетилген кредиттерди же келишим чендери боюнча керектөөчүлүк кредиттерди берүү кызматтарын сунуштоо.

Адатта, айлык акы долбоорунун алкагында электрондук карта берилет, ал соода-сервистик ишканаларда товарларга, жабдуу кызматтарын жана банкоматтардан акча алуу үчүн төлөөгө болот. Бул локалдуу карта да, пластикалык карталардын эл аралык картасы да боло алат.

Көпчүлүк банктар айлык акы кардарлары үчүн банкоматтардан нак каражаттарды акысыз алуу мүмкүндүгүн беришет. Бул айлык акы долбоорун тандоодо негизги критерийлердин бири- муну менен катар картаны чыгаруу жана тейлөө боюнча өзүнчө тариф каралат. Анткени, сиз кардары болбогон банктын банкоматынан накталай акча алууда  0,2 %дан 0,8% га чейин комиссия төлөйсүз. Ошондуктан, сиз иштей турган банктын банкоматтар тармагы борборубузда гана эмес, сырт жактарда да канчалык тарагынына көңул буруңуз.

Демек, айлык акы долбоорлору ишканада корпоративдик маданияттын бөлүгү болуп калышат. Алар жогоруда көрсөтүлгөн уникалдуу артыкчылыктарга ээ, ошондой эле өлкөдөгү накталай эмес төлөмдөр системасын өнүктүрүүгө шарт түзөт.