Бүткүл дүйнөлүк аманаттар күнү «Бүгүнкү салым, эртеңки алым» ураанында өттү.

Бүгүн «Кабар» маалымат агенттигинин пресс-борборунда Бүткүл дүйнөлүк аманаттар күнүнө арналган пресс-конференция болуп өттү. Бул пресс-конференцияга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Мээрим Момункулова жана расмий өкүлү Аида Карабаева, Германия Элчилигинин экономикалык кызматташтык жана өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Касьен Онезорге жана Эл аралык кызматташуу боюнча аманат кассалар фондунун аймактык координатору Аня Хойер катышты.

Бүткүл дүйнөлүк аманаттар күнү барган сайын популярдуу болуп, мындай иш-чараларды өткөрүү аймагын кеңейтүүдө. Бүткүл дүйнөлүк аманаттар күнүн майрамдоо 90 жылдан ашуун убакыттан бери улантылып келүүдө (1924-жылдан тарта).

Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк аманаттар күнү Аманат кассалар фонду, КРнын билим берүү жана илим министрлиги, Депозиттерди коргоо агенттиги жана коммерциялык банктар менен биргеликте төртүнчү жолу өткөрүлүп жатат. Бүткүл дүйнөлүк аманаттар күнү негизинен балдардын жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогоруталууга багытталган. Бул иш-чаранын негизги максаты – калкка акча топтоону үйрөтүү, бул аларга келечекте акча каражаттарын пландоого мүмкүнчүлүк берет.

Кыргызстандагы Бүткүл дүйнөлүк аманаттар күнүнүн урааны – «Бүгүнкү салым, эртеңки алым». Бул ураан иш-чаранын маанисин ачык-айкын чагылдырып турат, себеби, аманаттарды сактоонун эң мыкты жолу – бул банктарда сакталган аманаттар.

«ФИНКА Банк» ЖАК Бүткүл дүйнөлүк аманаттар күнүнүн активдүү катышуучусу болуп саналат жана финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча иш-чараларды 2015-жылдан бери дайыма өткөрүп келет. Биздин иш-чараларыбыздын планы менен www.finca.kg/новости/всемирный-день-сбережений-2018/ шилтемесинен тааныша аласыздар.

Пресс-конференциянын аягында, Бүткүл дүйнөлүк аманаттар күнүнүн алкагында өлкө боюнча көп сандаган иш-чаралар: ачык сабактар, лекциялар, интерактивдүү оюндар, экскурсиялар, сынактар жана ачык эшиктер күнү өткөрүлөөрү белгиленди.

Эл аралык кызматташуу боюнча аманат кассалар фондунун аймактык координатору Аня Хойердин айтымында, аманаттар финансылык көз карандысыздыктын жана байгерчиликтин негизин түзөт. Аманаттардын көптүгү инвестицияга жана өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.