Ар бир адам белгилүү суммада акча чогултуу зарылдыгына туш болот. Бул турмуштагы күтүлбөгөн окуяларга байланыштуу келип чыгат. Алар ар түрдүү болушу мүмкүн. Мисалы, жашоодогу зарыл атрибуттарды шашылыш түрдө сатып алуу, жагдайдын өзгөрүшү, күтүлбөгөн оору же капысынан жумуштан бошотуу. Жагдайлар көп болушу мүмкүн. Мындай жагдайларда адамга кошумча каражаттар керек. Ал эми акчанын запасынын жоктугу аны кыйын жагдайга туш кылышы мүмкүн.

Эгерде мындай акча запасыңыз бар болсо дароо эки суроо туулат: ал каражаттарды кайда жана кантип сактоо керек?

Биринчиден, сиздин белгилүү бир суммада акчаңыз бар, сиз аларды кантип сактоону билбей жатасыз. Сизде 20 миң сом бар дейли. Бирок, сиз уурдап кетүүдөн коркуп үйдө сактагыңыз, кандайдыр бир актив  (мисалы мал) сатып алып, убарасын тарткыңыз да келбейт дейли. Көбүнчө бул акчаларды коротуп коюу мүмкүн.

Мындай учурда сизге сиздин активдериңизди, акча каражаттарыңызды күнүмдүк кызматтарды сунуштоо үчүн башкаруу боюнча банк мекемеси жардамга келет. Демек, сиз акчаларыңызды банкка депозит катары сала аласыз. Банк ордуна банк депозитинин жана аманат эсебинин шарттарына ылайык пайыздык кирешени сунуштайт.

Башка маанилүү маселе  – акчанын сатып алуу наркы. Алардын наркы инфляция менен төмөндөшү мүмкүн. Азыр биз акча топтоо, сактоо же киреше  жөнүндө сүйлөшкөнүбүздө акчанын убактылуу наркын унутууга болбойт, башкача айтканда акчанын СУММАСЫН гана эмес, УБАКЫТТЫ да кароо мааниге ээ.

Бир жагынан банк узак мөөнөттөгү депозиттер боюнча жогору пайыз төлөйт, бирок, акча да убакыттын өтүшү менен арзандайт, кандай болгон күндө да инфляция да, тактап айтканда, бүгүн 1000 сомго эмдиги жылга караганда  көп нерсе сатып алууга болот. Акчанын сатып алуу наркына мисал келтирели. Мисалы, 2012-жылдын 1-майына чейин сиз 800 сом чогулттуңуз – бул маршруткага 100 жолу түшүүгө жетмек. 2012-жылдын 1- майынан тартып маршруттук таксиге жүрүүнүн жол киреси 8 сомдон 10 сомго кымбаттады (21.00дөн кийин 12 сом). Май айында бул акча  маршртукага 80 жолу түшүүгө жарайт (21.00дөн кийин мындан да аз). Башкача айтканда ошол 800 сомдун сатып алуу наркы 100 жолку жол киреден 80 жолку жол киреге төмөндөдү.

Мындай мисал сиздерге акчанын сатып алуу наркын көрсөтүү үчүн маанилүү.

Азыр банктар менен иштөө эмне себептен маанилүү жана коопсуз деген суроого кайтып келели. Себеби, ар бир банк мекемесинин депозит, аманат эсептери сыяктуу сунуштары бар.  Алардын шарттары да ар башка. Бул же тигил банкты тандоо сиздин чечимиңиз. Бирок сиздерге депозиттердин мыйзам менен камсыздандырылышы деген факты тууралуу айткыбыз келет.

Башкача айтканда кепилденген учур келгенде, тактап айтканда банк банкротко учураганда  КР «Депозиттерди коргоо жөнүндө» мыйзамына ылайык, эгерде аманатчы банкка карыз болбосо, ар бир аманатчыга (банк эсеби ачылган бир жак) депозит боюнча пайыздарды кошкондо 100 миң сомго чейин компенсация төлөнүп берилет. Кепилденген учур келгенде компенсациялар өлкөнүн өкмөтү жана аманаттарды милдеттүү камсыздандыруу системасынын катышуучусу болгон коммерциялык банктардын төлөмдөрүнүн эсебинен түзүлгөн депозиттерди коргоо фондунун каражаттарынан төлөнөт