Жыл сайын март айында бүткүл дүйнө жүзүндө Дүйнөлүк акча жумалыгы өткөрүлүп келет, ал коомчулуктун көңүлүн финансылык сабаттуулук жана акча каражаттарына аяр мамиле кылуу маселелерине бурууга арналган. Быйылкы жылдагы бул жумалыктын эң башкы мотиви – улуттук валюта – кыргыз сомунун 25 жылдыгын майрамдоо болуп саналат.

Мурдагы жылдардагыдай эле FINCA Банк Дүйнөлүк акча жумалыгынын ишине активдүү катышууда жана буга карата бир катар иш чараларды даярдады, мисалга алсак, өлкөнүн алдыңкы Жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн интерактивдүү «квест» сынагы жана мектеп окуучулары үчүн эң креативдүү копилканы даярдоо боюнча интерактивдүү сынак жана финансылык сабаттуулук боюнча тренингдер өткөрүлүүдө, анын алкагында да окуучулар кызыктуу сынак-оюндарга катыша алышат.

ЖОЖ ортосундагы «квест» мелдеши жаштардын көңүлүн улуттук валютага буруу максатында өткөрүлүүдө. Студенттер логикалык эсептерди чыгарышат жана шаардын маанилүү жерлерин креативдүү сүрөттөргө түшүрүшөт. Иш чаранын жыйынтыгында үч команда баалуу белектер менен сыйланат, о.э. бардык катышуучулар үчүн да белектер каралган.

Финансылык сабаттуулуктун деңгээлин жогорулатуу жана балдардын көңүлүн акчаны башкарууну үйрөтүүгө буруу максатында, бүткүл Кыргызстан боюнча, анын ичинде алыскы аймактарда жана айылдарда мектеп окуучулары үчүн «Эң креативдүү копилка» темасында сынак өткөрүлөт. Окуучулар өзгөчөлөнгөн копилканы даярдап, аны сүрөт же видео аркылуу сунушташат. Калыстар тобу эң кызыктуу жасалган копилкаларды тандайт, бирок өлкөнүн мектебинин эң креативдүү командасы мектепти жабдуу үчүн 1000 АКШ доллары өлчөмүндө сыйлыкка ээ болот. Бул сыйлыкты алуу үчүн мелдешке да чыкса болот!

Белгилей кетчү нерсе, FINCA Банк беш жыл катары аталган глобалдык кампанияга катышып келет жана балдардын жана жаштардын экономикалык билимин өнүктүрүү боюнча бүткүл дүйнөлүк иш чараны активдүү колдойт.

Бардыгыңыздарды Дүйнөлүк акча жумалыгынын алкагында иш чараларга активдүү катышууга үндөйбүз!