Микрокаржылоо – кичинекей бизнеси бар жана аны каржылоого муктаж болгон адамдардын анча чоң эмес кредиттерди алуу мүмкүндүгу. Мында күрөө талап кылынбайт жана кредит берүүчү тарабынан документтерге минималдуу талаптар коюлат.

Ошондой болсо да, мында карыз алуучунун кредитти төлөө жөндөмү такталып изилденет. Берилген кредиттердин жогорку деңгээлде кайтарылышы микрокредиттик компаниялардын карыз алуучуларга туура анализ жүргүзгөндүгү, ошондой эле кичинекей кредиттер деле карыз алуучуга пайда алып келе тургандыгы жөнүндө айтып турат.

Микрофинансы системасы  биздин өлкөдө 1994-жылдан баштап Бүткүл дүйнөлүк банктын, ПРООНдун, Азия өнүктүрүү банкынын, Эл аралык  боорукердик клубу, ACDI/VOCA, Швейцариялык «Каритас» ӨЭУнун долбоорлорунун жардамы менен өнүгө баштаган. ФИНКА, Кыргыз айыл-чарба финансы корпорациясы (азыркы «Айыл Банк»), Кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансы  компаниясы  сыяктуу алгачкы институттар түзүлүп, өз ишин башташкан.

Микрокаржылоо биринчи кезекте башынан эле коммерциялык банктар тарабынан кардарлар катары каралбаган калктын катмарына багытталган. Банктарды көптөгөн потенциалдуу кардарлардын финансылык отчеттуулугунун жоктугу, жашоо деңгээли, аманаттарынын жоктугу жана кредитти камсыздай алган кандайдыр бир кепилдиктин же мүлктүн жоктугу канааттандырган эмес. Микрокредиттик компаниялар азыраак талап коюшкан, бул сектордун динамикалык өнүгүүсүнө алып келген.

Азыр жагдай алмашууда. Көптөгөн банктар микрокаржылоо боюнча бөлүмдөрдү түзүп калышты. Бирок, бул туурасында биз башка материалда сүйлөшөбүз. Ошондой эле банктар  фундаменталдуу түрдө өлчөмдөрүнө жараша зыян алып келиши мүмкүн болгон кредиттерди бергилери келген эмес.

Мисалы, кредиттин көптөгөн өлкөлөрдө микрокредит берүүдөгү орточо өлчөмү 0 ашпаган сумманы түзгөн, Африка же Латын Америка өлкөлөрүндө бул сумма андан да төмөн. Эгерде мындай кредиттерди пайдалануучулар  негизинен аз өнүккөн жана алыскы аймактардагы айыл тургундары болоорун эске ала турган болсок, анда бул продукт эч качан коммерциялык банктардын кызыкчылыгына кирген эмес, себеби алардын ишмердиги өзүнүн менчик ээсинин капиталын көбөйтүүгө гана багытталган.

Микрофинансы компаниялары бизнес жүргүзүүнүн социалдык жоопкерчиликтүү ыкмаларынын негизинде иштешет жана бул көйгөйлөрдү биринчи кезекте калктын аз камсыз болгон катмарына кредит берүү менен чечишет.  Албетте, микрокредиттик компаниялар кайрымдуулук уюмдары эмес. Карыз алуучуларга калыс мамиле кылуу Кыргызстанда микрофинансы секторунда жарым миллиондон ашык адамды тейлөөсүнө алып келди.

Жашоо деңгээлин жогорулатуу сыяктуу социалдык маселелерди чечүү менен бирге микрокаржылоо төмөнкүлөргө шарт түзөт:

  • калктын өзүн-өзү жумуш менен камсыз кылуусу;
  • алыскы айыл аймактарында чакан жана орто бизнести өнүктүрүү;
  • жумуш орундарын түзүү;
  • мамлекеттик бюджетке салыктардын түшүүсүн жогорулатуу;
  • калктын финансы чөйрөсү боюнча жана бизнести жүргүзүү боюнча билимдерди алуусу;
  • банк секторунда кардарлардын мындан ары өнүгүшү үчүн кредит таржымалын түзүү.

Топтук кредит берүү принциби топтун бардык мүчөлөрүнүн топтук кепилдик берүүсүнө негизделет, ал төмөнкүлөрдү билдирет:

  • кредиттик топтун бардык мүчөлөрү өзү алган карызды төлөө үчүн дагы, кредиттик топ алган жалпы сумма боюнча карызды төлөө үчүн да тилектеш жоопкерчилик тартат;
  • топтор топтун мүчөлөрүн өзүлөрү тандашат, мындай өз ара мамиле жолдоштук басым түзүүгө жардам берет, бул кредитти өз убагында төлөөгө көмөк көрсөтөт;
  • топ кредит алуунун ыкмалары, кредиттерди кайтаруунун тартиби жана ага байланышкан  процедуралар жөнүндө толук жана так маалыматты кредит эксперттеринин берген кеңештери аркылуу алат.
  • түзүлгөн топко менеджменттин негиздери, бухгалтердик отчеттуулук жана маркетинг боюнча кеңеш берүү менен уюмдун эксперттери дайыма колдоо көрсөтүп турушат.

Бул ыкманын артыкчылыгы – айылдарда жана республиканын алыскы аймактарында жашаган жана банктан кредит алуу үчүн жетишсиз камсыздоого ээ болгон адамдар кредиттик топторду түзүү аркылуу кредит алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушунда.

Негизинен, айыл жергесинде жашаган аялдар микрофинансылоонун кардарлары болуп  эсептелет (статистика боюнча 70% жакын).

Микрокаржылоонун негизги идеясы – карыз алуучуга зарыл болгон материал аркылуу, б.а. акча жана жабдуулар аркылуу өзүнүн бизнесин баштоого мүмкүнчүлүк берүү. Микрокредиттик компаниялар кайрымдуулук уюмдары эмес, алардын ишмердиги өз кардарларына кызмат көрсөтүүгө багытталган, муну менен капиталды туура кайтарууну камсыз кылат. Образдуу айтканда, кармалган балыктын ордуна алар кардарларга кайырмак берип, балык кармоого үйрөтүшөт.

Микрокредиттерди берүүнүн негизин бир топтун карыз алуучуларынын тилектештик принцибин колдонгон топтук кредит берүү түзөт. Демек, калктын эң аз камсыз болгон катмары кредит ала алат, бул бизнес баштоого, финансылык абалын жакшыртууга жана бутуна турууга мүмкүндүк берет.