Аманаттар — керектөөлөргө пайдаланбастан, топтоо максатында бөлүп койгон акчанын бөлүгү. Аманаттар  — бул сиздин чыгымдарыңыздан тышкаркы жеке акчаларыңыз.

Эмесе, пенсия тууралуу сүйлөшөлү. Орточо айлык менен иштеген адамга 3 миң сом  пенсия менен жашоону элестетүү кыйын. Негизинен, көпчүлүгүбүз акчаны болбогон нерселерге жана кымбат нерселерди сатып алууга коротпоого аракет кылганыбызга карабастан, айлыктан айлыкка чейин араң жетебиз.

Кыргызстандыктардын көпчүлүгү кирешелерин өздөрүнө аябай керектүү нерселерге гана коротот. Ошону менен катар бардык нерселерден үнөмдөөгө туура келет. Ал эми ардактуу эс алууга чыккандан кийин кантип жашайбыз? Качандыр бир убакта мамлекет бизге пенсия төлөп берээри түшүнүктүү, ал пенсияга эң керектүү нерсени да сатып ала албайсын. Ошондуктан, азыртан ойлонуп, кошумча акча чогултуп баштоо керек.

Кеп «жаздыктын астындагы»  капиталдар  – биздин чоң ата, чоң апаларыбыз колдонуп келген ыкмалар жөнүндө болгон жок.

Акчалар иштеши керек!

Акчаларды келечекке же күтүлбөгөн кырдаалдарга алып коюу керек экендигин бардыгы эле билишет. Бирок, бардык акча күндөлүк чыгымдарга кетип жатса, кайсы акчаны чогултабыз?

Жооп белгилүү. Өзүңдүн финансыңды пландоого үйрөнүү керек. Ошондо аз эле акчадан чогултуп баштоого боло тургандыгын түшүнөсүз. Бир күн бою акчалар кайда кетип жатканын талдаңыз. Ошондой мониторингден кийин сиз күн сайын 50-100 сомдон өөнөп калууга боло турганын көрөсүз. Сиз күнүнө чыгымдарыңызды 50 сомго кыскартып отурсаңыз жана ай сайын банктагы эсебиңизди 1500 сомго (күнүнө 50 сомдон) толуктап турсаңыз сиздин капиталыңыз кандайча өсөрүн сиз билесизби?

Бир жылдан кийин сиз 18 миң сом, 10 жылдан кийин  — 180 миң сом чогултасыз. Аманаттардан пайыз алууга боло турганын эске алуу керек. Бул үчүн рынокто сизге узак убакыттарга эсеп ачууну сунуштаган банктар бар. Мамлекеттик эмес пенсиялык фонддор, менчик башкаруу компаниялары жана өзүнүн облигацияларын жана акцияларын чыгарган компаниялар бар. Биз азыр пайда алуу менен аманаттарды натыйжалуу башкарууга байланыштуу темага кенен токтолбойбуз, буга башка убакта кайрылабыз.

Скептиктер аманаттардын пайыздарын инфляция «жеп коет» деп айтышат. Бирок, эгерде пайыздарды инфляциянын деңгээлин чыгарып «нейтралдаштырсак», сиз керек болсо көңүл бурбаган анча чоң эмес суммадагы аманаттар баары бир сизге акча топтоого мүмкүндүк берет.

Кандай болгон күндө да, пенсияга чыкканда камкорсуз жашоо жөнүндө качан жана кантип ойлонууну сиз өзүңүз чечүүңүз керек. Бирок, сиз канчалык эрте чечим кабыл алып, акча чогултуп баштасаңыз, бактылуу карылыкка ошончолук мүмкүнчүлүк көбүрөөк болот.