Төлөм терминалдары — бул программалык камсыздоонун жардамы менен жеке жактардан төлөмдөрдү өзүн-өзү тейлөө режиминде кабыл алган автономдук аппараттар. Алардын жардамы менен уюлдук жана интернет провайдерлердин, шаардык коммуналдык кызматтардын, кабелдик ТВ жана башка кызматтардын акысы төлөнөт. Мындан тышкары, терминалдын жардамы менен кредиттерди төлөп, электрондук эсептерди толуктоого болот.

Төлөм терминалдарынын иштөө принциби өтө эле жөнөкөй. Негизинен терминал «ашык нерсесиз», программалык камсыздоосу бар стандарттык компьютерден турат. Пайдаланып жаткан адам экранда көрсөтүлгөн менюдан керектүү кызматты тандоосу жетиштүү.

Жаңылышуу мүмкүн эмес, себеби, сенсордук экранда аракеттердин бардык варианттары көрсөтүлгөн.  Туура эмес маалыматты киргизгенде бир аракетке артка кайрылып келүү мүмкүндүгү бар. Эгерде бардыгы туура болсо, «улантуу» баскычын басуу жетиштүү.

Төлөм терминалы акча кайрып бербейт. Купюра кабыл алгычка кандай сумма киргизилсе, ошол сумма система тарабынан кармалган комиссияны эсептебестен, төлөөчүнүн эсебине киргизилет. Төлөнгөндөн кийин терминал чек берет, аны сактап коюу керек.

Бир транзакциянын баасы орточо 5 сом. Бул КМШ аймагындагы эң ылайыктуу тариф. Казакстанда тариф төлөмдүн суммасына пропорционалдуу түрдө өсөт.

Бул «электрондук  киоскилер» узун кезек күтүүгө убакыт коротуу керек эместигинен улам жашоону жеңилдетет. Анын үстүнө терминалдар бардык жакын жайгашкан дүкөндөрдө, ошондой эле ар түрдүү мекемелерде бар.

Бир ай ичинде Кыргызстанда терминал аркылуу төлөнгөн төлөмдөрдүн  жалпы суммасы 1,2 млрд сомду тузөт. Мындай маалыматтар өткөн жылдын аягында төлөм системаларынын операторлорунун ассоциациясы тарабынан берилген. Бишкек шаарынын вице-мэри Вячеслав Красиенконун айтуусу боюнча, төлөм уюмдары 70тен ашык кызмат көрсөтүүчүлөр менен кызматташат.

Кыргызстанда төлөм терминалдарынын рыногунда 10 компания иштейт (алардын ири алтоосу ассоциацияга кирет), алар  бүт республика боюнча 1 500 төлөм терминалына ээ, алардын 1400 Бишкекте жана Чүй облусунда жайгашкан. Түштүктө терминалдар өтө аз, ал жакта агенттик тармак өнүккөн — киоскилерде ортомчулар отурушат, алар ар кандай кызматтар үчүн төлөмдөрдү кабыл алышат, маалыматтарды дептерге жазып алышат.

Рынок күн сайын өсүп жатат. Бирок, терминалдар тармагын аймактарда да өнүктүрүү зарыл.  Ошондой эле пластик карталар үчүн атайын кардридерлерди терминалдарга орнотуу акчаны андан кийин да терминалга колдонуу үчүн накталай кылуу процессинен арылууга мүмкүндүк бермек. Айрым банк банкоматтарында ар башка кызматтар үчүн төлөө мүмкүндүгү бар, бирок, бул рыноктогу 60 кызматтын 5-6сы гана.

Дагы бир перспективдүү долбоор  — «Электрондук капчык». Сайтта виртуалдык эсеп ачылат, код берилет, ошол эсепке акча жүктөлөт жана бардык каалаган виртуладык эсептерге төлөөгө болот. Үйдө отуруп, уюлдук телефон аркылуу бардык эсептерди төлөөгө болот. Албетте, аталган  кызмат – бул майда, күндөлүк чыгымдар жана кызматтар үчүн төлөө каражаттары, ири сатып алууларга болбойт.