Жакында эле биз сиздерге Дүйнөлүк Акча жумалыгы 2022 (Global Money Week) жөнүндө айтып өткөнбүз, анын алкагында мектептердин, жогорку окуу жайлардын жана колледждердин балдарына финансылык сабаттуулук жөнүндө айтып бергенбиз.

Ал эми окуу процессин кызыктуу кылуу үчүн биз ага мелдештин элементин кошконбуз, башкача айтканда, эң креативдүү копилкага сынак жарыялаганбыз.

Сынакка ар кандай курактагы ар кайсы мектептердин окуучулары катышкан, ал эми кимдин копилкасы эң креативдүү деп таанылганын видеодон көрүңүздөр.

#GMW2022
#GMWKyrgyzstan2022