FINCA компаниясы Кыргызстанда 1995-жылы негизделген. Бул финансы мекемеси Кыргызстан боюнча 100дөн ашуун тейлөө пункттары аркылуу 250 миңден ашуун кардарларына кызмат көрсөтүп келет.

2015-жылдын март айында “ФИНКА МКК” ЖАК банктык лицензияга ээ болуп, “ФИНКА Банк” ЖАК болуп өзгөртүлдү.

FINCA Банк – бул Smart Campaign сертификациясынан өткөн, кардарларды коргоо принциптерине жана иштөөнүн так ыкмаларына таянган, ошондой эле принциптерге шайкештикти камсыз кылуу үчүн катуу саясат жүргүзгөн финансы мекемеси.

FINCA Банк аз кирешеге ээ адамдардын бизнесин өнүктүрүүгө жана бакубаттуулугун жогорулатууга керектүү болгон продукттарга жана кызматтарга жетүүсүнө мүмкүнчүлүк берүү үчүн иштейт.

Азыркы учурда FINCA Банк бизнес үчүн берилген топтук жана жеке кредиттер, айыл-чарба кредиттери жана акча которуу кызматы, юридикалык жана жеке жактар үчүн эсептер, мөөнөттүү жана топтолуучу депозиттер, эсептик-кассалык тейлөө менен бирге кызматтардын кеңири түрүн тартуулайт. 2022-жылдын аягында FINCAнын кредиттик портфелинин көлөмү 121,2 млн. АКШ долларына жетти.