FINCA БАНК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРГӨ АРАЛЫКТАН ИДЕНТИФИКАЦИЯЛОО

Аралыктан идентификациялоо – бул, биздин Банктын кеңселерине барбастан ар түрдүү банктык кызматтарды кардарга кошуп берүү мүмкүнчүлүгүн берген процедура.*

Сиздин ыңгайлуулугуңуз үчүн ФИНКА Банк төмөнкү кызмат көрсөтүүлөр үчүн аралыктан идентификациялоону сунуштайт**:

  • Эсеп ачуу

  • FINCA ELSOM мобилдүү капчыгы

  • FINCA Элкарт улуттук төлөм картасы

  • Visa Gold төлөм картасы

  • Интернет-банкинг

  • FINCA Элкарт картасын кайра чыгаруу

*Аралыктан идентификациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр жеке жактарга – Кыргыз Республикасынын жарандарына көрсөтүлөт.

**Кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси бара-бара кеңейет.

Урматтуу кардарлар!

Сиздерди Жаңы Жылыңыздар менен куттуктайбыз жана эсиңиздерге салабыз, эс алуу күндөрүнө байланыштуу 1-январдан 7-январга чейин жабык, 8-январдан кийин түшкөн бардык кайрылуулар боюнча сиз менен байланышабыз.

Түшүнгөнүңүз үчүн рахмат!

FINCA БАНКтын кызмат көрсөтүүлөрүнө аралыктан идентификациялоо

Аралыктан банктык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн төмөнкү форманы толтуруңуз жана Сизге керектүү кызмат көрсөтүүнү тандаңыз:


Эгерде Сиз аралыктан идентификациядан өтпөстөн кызмат көрсөтүүнү алууга арыз калтыргыңыз келсе, арызды бул жерге калтырсаңыз болот:

Кардар үчүн аралыктан идентификациялоонун артыкчылыгы:

FINCA ELSOM

  • Аралыктан идентификациялоо аркылуу алуу
    1. Кардар AppStore/GooglePlay мобилдүү капчыгын жүктөйт жана капчыктын ичинде кызмат көрсөтүүлөрдүн чектелген спектрине ээ;
    2. Капчыктын ичиндеги кызматтардын спектрин кеңейтүү үчүн кардар кеңсеге келбестен аралыктан идентификациялоону өтүү жөнүндө банктын сайтына арыз таштайт; Кеңсеге канча жолу келди – 0 жолу

  • Алуунун кадимки жол-жобосу
    1. Кардар AppStore/GooglePlay мобилдүү капчыгын жүктөйт жана капчыктын ичинде кызмат көрсөтүүлөрдүн чектелген спектрине ээ;
    2. Капчыктын ичиндеги кызматтардын спектрин кеңейтүү үчүн кардар Банктын кеңсесине паспорту менен келип, арыз таштайт. Кеңсеге канча жолу келди – 1 жолу

FINCA ЭЛКАРТты чыгаруу же кайра чыгаруу

  • Аралыктан идентификациялоо аркылуу алуу
    1. Кардар кеңсеге келбестен аралыктан идентификациялоону өтүү аркылуу банктын сайтына арыз таштайт;
    2. Кардар кеңсеге паспорту менен келет жана даяр картаны алат. Кеңсеге канча жолу келди – 1 жолу

  • Алуунун кадимки жол-жобосу
    1. Кардар Банктын кеңсесине паспорту менен келип, карта алуу үчүн арыз таштайт
    2. Кардар кеңсеге паспорту менен келет жана даяр картаны алат. Кеңсеге канча жолу келди – 2 жолу

Алуунун кадимки жол-жобосу

  • Аралыктан идентификациялоо аркылуу алуу
    1. Кардар кеңсеге келбестен аралыктан идентификациялоону өтүү аркылуу банктын сайтына арыз таштайт;
    2. Кардар кеңсеге паспорту менен келип жеке бөлмөсүнүн логинин/купуя белгисин алат. Кеңсеге канча жолу келди – 1 жолу.

  • Алуунун кадимки жол-жобосу
    1. Кардар кеңсеге паспорту менен келип, интернет-банкинг кызматын ачыш үчүн арыз таштайт;
    2. Кардар кеңсеге паспорту менен келип, жеке бөлмөсүнүн логинин/купуя белгисин алат; Кеңсеге канча жолу келди – 2 жолу