Биз жөнүндө

FINCA Банк финансылык жеткиликтүүлүк тармагында пионер болуп саналат. Ондогон жылдык тажрыйба жана глобалдык тармак менен биз кардарларыбызга жакшы келечекти курууга жардам бере турган куралдар менен камсыз кылабыз.

FINCA Банк өз кардарларынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, аларга эң керектүү болгон продукцияларды, кызматтарды жана билим берүүнү сунуштайт. Бул алардын жашоо деңгээлин жогорулатууга, каржылык ден соолугун жана туруктуулугун бекемдөөгө, ошондой эле балдарын мектепте окутууга мүмкүнчүлүк берет.

1995-жылы негизделгенден бери, FINCA Банк өлкө боюнча жооптуу каржылык кызматтарга жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө умтулуп келет. Биздин баштапкы сунуштарыбыз, өзгөчө аялдарга таандык болгон чакан бизнеске колдоо көрсөтүү үчүн топтук кредиттөөгө багытталган. Ошол убакыттан бери биз абдан өстүк жана азыр технологиялык инновациялар боюнча рынокто лидербиз.

Биз 250 000ден ашуун кардарларыбызга акча которуу кызматтарын, аманат продуктуларын жана ар кандай топтук жана жеке кредиттерди сунуштайбыз. 100дөн ашуун тейлөө пункттары, мобилдик жана онлайн банкинг, төлөм терминалдары жана санариптик төлөм системалары менен кардарларыбыз өз финансыларын ыңгайлуу башкара алышат. Ошондой эле кардарларга негизделген чечимдерди кабыл алууга жана каржылык максаттарына жетүүгө жардам берүүчү акысыз финансылык сабаттуулук боюнча окутууну сунуштайбыз.

FINCA Кыргызстан, социалдык таасирди көрсөтүп жаткан, FINCA Impact Finance (FIF) алдыңкы микрофинансылык уюмдардын глобалдык тармагынын бир бөлүгү болуп саналат. FINCA Impact Finance FINCA Microfinance Holding Company LLC (FMH) социалдык инвестициялык өнөктөштүккө таандык жана ал тарабынан башкарылат. FMHдин негизги акционери FINCA International, Inc. – Колумбия чөлкөмү,Вашингтондо жайгашкан коммерциялык эмес уюм, ал дүйнө жүзүндө жакырчылыкты жоюу боюнча иш алып барат, ал эми KfW бул компаниянын акцияларынын азыраак үлүшүнө ээ. Миллиондогон ишкерлер өздөрүнө, үй-бүлөлөрүнө жана жамааттарына жакшы келечекти куруу үчүн, FIFтин кардарларды коргоо боюнча милдеттенмесине жана кардарлар менен иштөөдөгү теңдешсиз тажрыйбасына таянышат.

Кардарларды коргоо принциптери боюнча сертификат

FINCA Кыргызстан кардарларды коргоо боюнча Cerise+SPTF стандарттарынын негизинде эл аралык рейтинг агенттиги MFR тарабынан берилген алтын деңгээлдеги Сертификацияга ээ болду. Бул сертификат FINCA Кыргызстандын кардарларды коргоо боюнча Cerise+SPTFнин Социалдык көрсөткүчтөрдү башкаруунун Универсалдык стандарттарындагы эң катаал талаптарга жооп берерин тастыктайт.