Элкарт Стандарт
Коопсуздук жана жеткиликтүүлүк 24/7
FINCA Элкарт төлөм картасы – сиздин акчаңыз Кыргызстандын бардык жеринде.
Өзгөчөлүктөрү жана артыкчылыктары
- Чиби бар карталарда акча каражаттары коопсуз сакталат.
- Эмгек акы, пенсия, жөлөк пул, акча которууларды алуу.
- Товарларды жана кызматтарды төлөө, ошондой эле Кыргызстандын бардык банктарынын банкоматтары жана POS-терминалдары аркылуу накталай акчаларды алуу үчүн карта эсептериндеги акча каражаттарына күнү-түнү жеткиликтүүлүк.
- Товарларды жана кызматтарды POS терминалдар аркылуу төлөөдө убакытты жана акчаны үнөмдөө.
- Элкарт картасынан Элкарт картасына Кыргызстандын аймагында – FINCA мобилдик банкингинин жардамы менен (жөнөтүүчү жана алуучу үчүн акысыз) же акча которуу функциясы бар банкоматтар аркылуу дароо жөнөтүү жана алуу мүмкүнчүлүгү.
Эмне үчүн “FINCA Элкарт”?
Бул сизге төмөнкүлөрдү жасоого мүмкүнчүлүк берет:
- SMS билдирүү кызматы жана Элкарт мобайл тиркемеси (акысыз) аркылуу акча каражаттарынын жана картанын калдыктарынын жылышын эсепке алуу жана көзөмөлдөө.
- POS-терминалдардын жардамы менен FINCA Банктын бөлүмдөрүндө карта эсебин толуктоо жана акча алуу.
- Мобилдик банкингдин жардамы менен коммуналдык кызматтарга төлөө жана башка төлөмдөрдү жүргүзүү (комиссиясыз).
- Россия Федерациясынын аймагында кызматтарды алуу (банкоматтар жана POS терминалдар).
| Жеке адамдар үчүн шарттар | Наркы (сом менен) | |
|---|---|---|
| Картанын колдонуудагы мөөнөтү | 8 жыл | |
| Карталык эсептин валютасы | сом | |
| Чип менен карта чыгаруу | Жеке адамдар үчүн | Акысыз |
| Картаны тейлөө | Жеке адамдар үчүн | Жылына 100 сом (карта чыгарууга арыз берген учурда төлөнөт) |
| Картаны кайра чыгаруу | Колдонуу мөөнөтү бүткөндө | Акысыз |
| Жоготуп алса | 200 сом | |
| Накталай акча чыгаруу | КР бардык банктарынын банкоматтары жана POS-терминаллары аркылуу | суммадан 0,3% |
| Балансты жана мини көчүрмөнү суроо (банкоматтарда гана) | КР бардык банктарынын банкоматтары жана POS-терминаллары аркылуу | 4сом |
| Эсептин абалы тууралуу SMS-билдирүү (активация жана деактивация – кардардын арызы боюнча акысыз) | Карталык эсеп боюняа акча каражаттарынын жылышы боюнча | айына 25 сом |
| товарларга жана кызматтарга төлөө | КР бардык банктарынын POS-терминаллары аркылуу | Акысыз |
Элкарт Стандарт картасын 3 жөнөкөй кадам менен кантип алса болот
Бул ыңгайлуу жана тез
- 1
Онлайн арызды толтуруңуз
Сиз онлайн арыз бергенде, биздин кызматкерлер сиз менен байланышып, продукт тууралуу айтып беришет жана керектүү документтер боюнча кеңеш беришет. - 2
Алыстан аныктоо
Элкартты чыгарууну баштоо үчүн сиз аралыктан идентификациядан өтүшүңүз керек. Ошондуктан, арыз берилгенде, биздин кызматкерлер сиз менен байланышып, дистанциялык идентификациядан кантип өтүүнү түшүндүрөт. - 3
Картаны алуу
5-7 күндөн кийин (Бишкекте) же 10-15 күндөн кийин (эгер сиз аймактардан кайрылсаңыз) Элкартыңызды сизге ыңгайлуу болгон филиалдан ала аласыз.
Колдонмоңузду баштаңыз
Өтүнмө берүү жөнөкөй жана ыңгайлуу процесс
Бул колдонмо бетти орусча версиясында гана иштейт. Сураныч, бул шилтемеге кириңиз.
- Элкарт карта эсебин тейлөө үчүн тарифтер
- Перечень документов для открытия счета физическим лицам
- Правила по открытию и обслуживанию банковских счетов
- Индивидуальные тарифы ЗАО “ФИНКА Банк” для Руководителей организаций
- Тарифы РКО для юридических лиц, включая ИП
- Тарифы по картам ЭЛКАРТ для студентов
- Тарифы по картам ЭЛКАРТ для руководителей
- Схема конвертации по платёжным картам
- Тарифы на платежные карты FINCA ЭЛКАРТ для получения пенсий и пособий
Көп берилүүчү суроолор
Сиз картаны кайра чыгарышыңыз зарыл, ал үчүн Банктын кеңсесине кайрылыңыз. Картаны кайры чыгаруу наркы 200 сом.

Биз ар дайым сүйлөшүүгө даярбыз
Биз сиздерге ар дайым жардам берүүгө даярбыз!

