Коомчулука пайда алып келүү үчүн ресурстарыбызды жана тажрыйбабызды инвестициялоо

Биздин жамааттарыбызга ресурстарды жана тажрыйбаны инвестициялоо биздин бардык аракеттерибиздин негизи болуп саналат. Биздин миссия кардарларды, өзгөчө аялдарды, ишкер аялдарды, фермерлерди жана жеке бизнес ээлерин колдоо болуп саналат, алар жашоо сапатын жакшыртат.

Кардарларыбыз үчүн жаркын келечек курабыз

Биздин инвестициялар, программалар жана демилгелер жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө, саламаттыкты сактоонун сапатын жакшыртууга, мектептердеги билим берүүнү жакшыртуу, аялдарга бизнеске жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн берүү жана жашоо шарттарын жакшыртуу боюнча долбоорлорубуз аркылуу билимдин баалуулугун жогорулатууга багытталган.

  • Билим берүү
    Биз потенциалды өстүрүү, окуу материалдарын, демөөрчүлүк жардам берүү жана өсүп келе жаткан муунду финансылык сабаттуулукка окутуу аркылуу билим берүүнү өнүктүрүүгө салымыбызды кошобуз.

  • Аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү
    Аялдар дүйнөдөгү эң аялуу жандар, андан тышкары алардын көпчүлүгүнүн банктык эсептери жок, өнүгүп келе жаткан экономикаларда алардын мүмкүнчүлүктөрү да маданий себептерден улам чектелген. FINCA Кыргызстан аялдарга (өзгөчө элет жеринен келген) ар түрдүү мүмкүнчүлүктөрдү берүү жана алардын потенциалын жогорулатуу үчүн ар кандай жергиликтүү жана эл аралык уюмдар менен кызматташат.

  • Коомчулукту өнүктүрүү
    Биз таза жана экологиялык айлана-чөйрөнү сактоо менен коомдун өсүшүнө жана социалдык өнүгүүсүнө салым кошобуз. Биз мамлекеттик жана бейөкмөт уюмдар менен биргеликте климат тууралуу маалыматтуулукту жогорулатуу, бак-дарактарды отургузуу жана жарандарыбызга жакшы шарттарды түзүү боюнча иш алып барабыз.

1995-жылдан бери бүткөрүлгөн долбоорлор жана инвестициялар

Жалпысынан бүгүнкү күндө 33 733 939 сомго 954 долбоор каржыланды.

Ош обл.

5 704 880 soms

Баткен обл.

3 850 870 soms

Нарын обл.

3 941 100 soms

Чүй обл.

6 547 412 soms

Талас обл.

3 941 730 soms

Жалал-Абад обл.

4769 490 soms

Ыссык-Көл обл.

4 978 457 soms

Биздин акыркы долбоорлор