12-06-2025

Акжарбек Торобеков мырзанын ийгилик баяны!

Биздин кардар жаш кезинен эле жеке бизнес түзүп, үй-бүлөсү үчүн туруктуу киреше камсыз кылууну кыялданчу. Ал жубайынын, үч кызынын жана бир уулунун жаркын келечеги үчүн дайыма аракет кылып келген.

Эмгек жолун унаа тейлөө тармагынан баштап, өзүнүн техникалык тейлөө станциясын ачкан. 2014-жылы Акжарбек мырза бизнесин кеңейтүү үчүн FINCA Банкка кайрылган.

Ошондон бери ал бизнесин өркүндөтүү үчүн банктык өнүмдөрүнөн тез-тез пайдаланып, туруктуу кардарыбызга айланды. Банктын колдоосунун аркасында ал жаңы жабдууларды сатып алып, кардарлардын агымын көбөйтүп, кызматынын сапатын жогорулата билди.

Бүгүнкү күндө анын техникалык тейлөө станциясы — жалпы Ош шаарына ыкчам жана сапаттуу тейлөөсү менен белгилүү болгон ишенимдүү станциялардын бири.

Акжарбек мырзанын ийгилиги башка ишкерлерди да максаттарына жетүүгө шыктандырат деп ишенебиз. Сизчи?