21-02-2024
Гүлмира Сатыбалдиева
Столоваядан үч кабаттуу ресторанга: Гүлмира Сатыбалдиеванын ийгилик тарыхы
Гүлмира Сатыбалдиева бизнесин 2014-жылы 200 000 сомдук биринчи насыясын алып, кичинекей столовая ачуу менен баштаган. Анын чечкиндүүлүгү жана өнүгүүгө умтулуусу тез натыйжа берип, жай жергиликтүү тургундар арасында популярдуу болуп калды, андан кийин Гүлмира токтобостон алдыга кадам таштады.
Жаңы 1 миллион сом насыя алган соң ал столоваяны уюттуу кафе кылып өзгөртүп, жабдууларды жаңылады, аянтты кеңейтти жана коноктор үчүн ыңгайлуу интерьер жасады. Бирок бул болгону башталыш эле!
Азыр Гүлмиранын бизнеси үч кабаттуу ресторанга өсүп, даамдуу тамак жана жагымдуу атмосфераны айкалыштырат. Андан ары кеңейүү жана өнүгүү үчүн ал 100 000 доллар насыя алган.
«FINCA Банктан мен колдоону гана эмес, урматтоону да сезем. Бул жерде ар дайым жардам берүүгө, шыктандырууга жана жаңы максаттарга жетүүгө колдоо көрсөтүшөт», — дейт Гүлмира.
Бул тарых — туура колдоого жана өзүнө ишенүүгө ээ болгондо кандай бийиктиктерге жетүүгө болорун жаш мисал менен көрсөтөт. Гүлмира өз ишин баштоону кыялдангандарды биринчи кадамын таштоодон коркпой, алдыга умтулууга шыктандырат!



