21-02-2024

Самара Кушубакова

Биздин кардарыбыз жана «Нактакак» (@naktakak_kg) брендинин негиздөөчүсү Самара Кушубакова — ийгиликтүү ишкердин үлгүсү. Анын ишкердик сапары декреттик өргүүдөн башталган. Самара айым пандемия учурунда үй-бүлөсү үчүн мөмө-жемиш жана жашылчадан пастила жасай баштаган. Болгону эки жылдын ичинде ал бизнесин жаңы деңгээлге көтөрүп, продукциясын Японияга да экспорттой баштаган.

Өндүрүшүн кеңейтүү максатында ал каржылоо үчүн FINCA Банкка кайрылган, жана биздин финансылык сабаттуулук курсубуздан өтүп, туруктуу жана эффективдүү финансылык стратегияны түзө билген.

Биз Самара айымды ийгилик жолунда колдоп келгенибизге сыймыктанабыз жана анын жаңы ийгиликтерин күтөбүз! Ага мындан аркы ийгиликтерди жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайбыз. Биздин Банкка ишеним көрсөткөнүңүз үчүн рахмат!