Кардарларды корлоо
FINCA Банкта кардарлардын муктаждыктары жана пикири биздин башкы приоритетибиз болуп саналат. Биз ар бир кардар уникалдуу экенин түшүнөбүз жана алардын үнү угулганына ынанабыз.
Биз түпкү максатты – кардарларыбыздын кызыкчылыктарынын артыкчылыктуулугун жетекчиликке алабыз жана микрофинансылоо чөйрөсүндө кабыл алынган кардарларды коргоо принциптерин ырааттуу түрдө карманабыз. Биз жылуу, ишеним жана жоопкерчиликке негизделген узак мөөнөттүү жана бекем мамилелерди баалайбыз.
FINCA Банк MFR глобалдык рейтинг агенттиги тарабынан берилген Cerise+SPTF тарабынан кардарларды коргоо боюнча алтын деңгээлиндеги сертификатка ээ болду. Бул сертификация биз Cerise+SPTF Социалдык натыйжалуулукту башкаруунун универсалдуу стандарттарында белгиленген кардарларды коргоонун эң жогорку стандарттарына жооп берерибизди көрсөтүп турат. Кардарларды коргоо принциптерибиздин ар бирине берилгендик менен, биз кардарларга ылайыктуу өнүмдөрдү сунуштайбыз, ашыкча карызды болтурбоо боюнча чараларды көрөбүз, ачык-айкын шарттарды жана бааны сактап, кардарлардын маалыматтарынын купуялуулугун коргойбуз жана кардарлардын пикирлерине профессионалдуу жооп кайтаруу механизмдерибиз бар.
Биз кызыкдар тараптарды (анын ичинде кызматкерлерди, акционерлерди, кардарларды, подрядчыларды, жеткирүүчүлөрдү жана жөнгө салуучуларды) иш жүзүндөгү, потенциалдуу же шектүү тартип бузуулар жөнүндө кабарлоого чакырабыз.
Пикириңиз, сунуштарыңыз же даттанууларыңыз төмөнкү каналдар аркылуу жөнөтүлүшү мүмкүн:
- Чалуу: 44 00 (акысыз байланыш номери)
- Электрондук почта: [email protected]
- Төмөнкү дарек боюнча кат жөнөтүңүз: 720011, Кыргызстан, Бишкек, көч. Шопокова 93/2

