Финансылык сабаттуулук программасы

Финансылык сабаттуулук  – биздин кардарларыбыздын ийгиликке ачкычы

FINCA Банк Кыргызстандын негизги максаттарынын бири – “Финансылык сабаттуулуктун негиздери” узак мөөнөттүү долбоору аркылуу финансылык сабаттуулукту жогорулатуу. Биз каражаттарды алгылыктуу жайгаштыруу жана жыйым топтоо маданиятын түзүү аркылуу калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга салым кошууга умтулабыз. Биз бул жерде каржы институттары менен өнөктөштүк маданиятынын пайдубалын түптөө жана анын андан ары өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү үчүн келдик.

FINCA Банк Кыргызстанда окутуу мүмкүнчүлүктөрүнүн артыкчылыктары

Уюмдун ийгилиги адамдардан, ал эми ийгилик инсандан башталарын түшүнөбүз. Биз кардарларыбыздын кесипкөйлүгүн жогорулатуу, окутуунун ыкмаларын жана мазмунун өркүндөтүү, лекцияларды, практикалык мисалдарды, топтук талкууларды жана практикалык иштерди жүргүзүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берүү аркылуу коомдун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга умтулабыз.

Кардарларыбызды жана кызматкерлерибизди өнүктүрүүгө инвестиция салуу жана Кыргызстандагы коомдоштуктардын өнүгүшүнө салым кошуу биздин миссиябыздын бир бөлүгү.

Биздин ыкма

Биз 2012-жылы башталган программаларыбыздын артыкчылыктарын колдонгондордун бардыгына жагымдуу, ийгиликтүү жана канааттандырарлык тажрыйбаны камсыз кылуу менен, ар кандай окуу пландары аркылуу тездетилген окутууну камсыз кылабыз жана окууну контекстке ылайыкташтырабыз. FINCA Кыргызстандагы бардык каржы уюмдарынын ичинен биринчи болуп каржылык сабаттуулуктун көп компоненттүү программасын ишке киргизди, анын ичинде ММКда тренингдерди жана маалыматтык кампанияларды өткөрдү.

Биз жергиликтүү бийликтер, коомчулук жана эл аралык уюмдар менен программаларыбызды жана демилгелерибизди тынымсыз өркүндөтүү үчүн кызматташып келебиз.

2023-жылга карата биздин тренерлер 2784 тренинг өткөрүп, Кыргызстан боюнча 59146 жаранды окутушкандыгын сыймыктануу менен билдиребиз.

Биздин методология жана кызматтар

Биздин жеке окутуу программаларыбызга инструктордун жетекчилиги менен, виртуалдык жана санариптик окутуу жана кызматтар кирет. 2019-жылдын октябрында FINCA Банктын кызматкерлеринен турган топ Эл аралык финансы корпорациясы (IFC) долбоору менен кызматташуунун алкагында тренерлер үчүн тренингге катышты.

IFCнин Электрондук жана Санарип Финансы Кызматтары (EDFS) долбоору Кыргызстандын калкынын маалымдуулугун жогорулатуу жана санариптик финансылык кызматтарды колдонууну жогорулатуу үчүн финансылык жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө багытталган.

Биздин тренерлер жалпы калк үчүн да, студенттер менен мектеп окуучулары үчүн да акчаны башкаруу, аманат, акча агымын башкаруу, бизнес жүргүзүү жөндөмдөрү ж.б. темалар боюнча тренинг өткөрүшөт.

Жылдар Тренингтердин саны Катышуучулардны саны
2012 121 2576
2013 182 3962
2014 221 4593
2015 506 11126
2016 409 8329
2017 439 8490
2018 330 7527
2019 120 3139
2020 45 824
2021 121 2541
2022 173 3565
2023 141 3064
2024 196 4762
2025 74 2285
Жалпы саны 3078 66783