Менин кредитим канча турат?

Кредит алуу – бул белгилүү бир керектөөлөрдү канааттандырууга байланышкан олуттуу милдеттенме. Сиз ар кандай варианттарды издеп, салыштырып, өзүңүздүн керектөөңүзгө туура келген жана анын наркы боюнча сизге пайдалуу болгон кредитти тандаганыңыз маанилүү: башкача айтканда, сиз кредиттин мөөнөтү ичинде төлөй турган чыгашалар.

Сизге наркы боюнча эң жакшы вариантты тандоону жеңилдетүү үчүн, кредитке байланыштуу күтүлгөн бардык чыгымдарды алдын ала эске алуу керек.

Түшүнүктүү болуу үчүн биз чыгымдарды бир нече типтүү топторго бириктирдик:
  • Пайыздар: кредит боюнча чегерилген сумма. Бул карыз алуучу кредитти пайдаланган мөөнөт ичинде кредиторго төлөп турган нарк. Пайыздар кредиттик келишимде номиналдык пайыздык чен катары көрсөтүлөт.

  • Эсепти тейлөө үчүн комиссия: кредит берилгенде, эреже катары, карыз алуучуга күндөлүк эсеп да ачылат. Адатта , эсепти тейлөө төлөнөт, жана комиссия белгиленген.

  • Кредит берүүгө байланыштуу комиссиялык төлөмдөр: кредитти берүү жана андан ары тейлөө үчүн белгилүү бир комиссия алынат (кредитти бекитүү/кредитти берүү үчүн комиссия; кредиттик каражаттарды алуу үчүн комиссия; эсепти тейлөө үчүн комиссия).

  • Кредитти камсыздоо боюнча чыгашалар: кредит боюнча күрөөнү каттоо, ошондой эле кредитти төлөгөндөн кийин каттоону жокко чыгаруу белгилүү бир чыгымдар менен байланышкан: кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюу жана күрөөнү бошотуу боюнча чыгымдар; кыймылдуу мүлк күрөөсүн каттоого жана күрөөнү каттоону жокко чыгарууга кеткен чыгымдар.

  • Камсыздандыруу боюнча чыгашалар: кредит алууда кошумча чыгымдар менен байланышкан карыз алуучунун ден соолугун жана/же күрөөгө коюлган мүлктү камсыздандыруу зарыл болушу мүмкүн.