Инвесторлор жана өнөктөштөр
FINCA БАНК КЫРГЫЗСТАНДЫН инвесторлору жана өнөктөштөрү жакырчылыксыз дүйнөнү түзүүгө жардам берген баалуу ресурстарды берүү менен биздин миссиябызды колдошот.
FINCA Банк Кыргызстан көптөгөн инвесторлор жана өнөктөштөр менен кызматташып, финансылык кызмат көрсөтүүлөр менен мүмкүн болушунча көбүрөөк адамдарды тартуу жагында өз мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. Бул өнөктөштүк мамилелер ошондой эле FINCA банкына FINCA брендинин өзгөчөлүгү болгон жылуу жана ишенимдүү мамилелерди сактоо менен технологиялык чечимдер аркылуу кардарлардын тажрыйбасын жакшыртуу үчүн керектүү инфраструктураны түзүүгө жардам берет.
FINCA Кыргызстан, социалдык таасирди көрсөтүп жаткан, FINCA Impact Finance (FIF) алдыңкы микрофинансылык уюмдардын глобалдык тармагынын бир бөлүгү болуп саналат. FINCA Impact Finance FINCA Microfinance Holding Company LLC (FMH) социалдык инвестициялык өнөктөштүккө таандык жана ал тарабынан башкарылат. FMHдин негизги акционери FINCA International, Inc. – Колумбия чөлкөмү,Вашингтондо жайгашкан коммерциялык эмес уюм, ал дүйнө жүзүндө жакырчылыкты жоюу боюнча иш алып барат, ал эми KfW бул компаниянын акцияларынын азыраак үлүшүнө ээ. Миллиондогон ишкерлер өздөрүнө, үй-бүлөлөрүнө жана жамааттарына жакшы келечекти куруу үчүн, FIFтин кардарларды коргоо боюнча милдеттенмесине жана кардарлар менен иштөөдөгү теңдешсиз тажрыйбасына таянышат.









