Алексей Горбатовский

Башкармалыктын мүчөсү, корпоративдик секретарь жана юридика бөлүмүнүн жетекчиси

Алексей Геннадьевич Горбатовский FINCA Банк Кыргызстанда ишин 2003-жылдын октябрында юрист болуп баштаган, ал эми 2006-жылдын февраль айында банктын юридика бөлүмүнүн жетекчиси кызматына дайындалган.

FINCA Банк Кыргызстанга келгенге чейин, 1995-жылдан 1997-жылдын май айына чейин Алексей «Кыргызөнөржайкурулушбанк» АКта жана «Курулуш банкында» иштеп, анда башкы юридикалык консультант кызматын аркалаган.

1997-жылдын май айынан 1999-жылдын апрелине чейин Алексей Горбатовский «Демир Кыргыз Интернешнл Банк» ЖАКта юридикалык консультант катары укуктук коргоо маселелери менен алектенген.

1999-жылдын майынан 2003-жылдын сентябрына чейин англис инвестициялык CAMCO Сorporation Ltd компаниясында иштеген.

2017-жылдын август айында Алексей Горбатовский Директорлор кеңеши тарабынан «ФИНКА Банк» ЖАК Башкармасынын мүчөсү кызматына дайындалган.