Ассета Красножонова

Төраганын орун басары жана Операциялык директор

Ассета Красножонова микрокредиттик компаниядан коммерциялык банкка трансформациялоо үчүн 2013-жылдын март айында FINCA Кыргызстанга кошулган. Башкарманын мүчөсү кызматын ээлеген Ассета Красножонова кардарларды тейлөөнүн бардык спектрин колдогон банктык кызматтарды ишке киргизүүнү башкаруу жана санариптештирүү, кызматтарды борборлоштуруу жана процесстерди автоматташтыруу аркылуу кардарларды эффективдүү тейлөө үчүн бизнес моделин трансформациялоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү үчүн жооп берген.

FINCA Кыргызстанга келгенге чейин, 2010-жылдан 2013-жылга чейин Ассета француздук Oxus International Кыргызстан каржы холдингинде Операциялык директор болуп иштеген.

2004-жылдан 2010-жылга чейин Ассета “”Демир Кыргыз Интернешнл Банк”” ЖАКта иштеген, 2007-жылы ал жерде чекене банк иши бөлүмүн түзүп, андан кийин жетектеген. 2004-жылга чейин Ассета Улуу Британиянын Эл аралык өнүктүрүү департаментинде (DFID) иштеген.

Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика боюнча магистр даражасына жана ABA Stonier Graduate School of Banking (АКШ) дипломуна ээ.