Екатерина Шавгулидзе

Директорлор кеңешинин мүчөсү/Аудит Комитетинин төрагасы

 

Екатерина Шавгулидзе – Европа жана Борбордук Азияда инвестиция, корпоративдик башкаруу жана стратегиялык бизнести өнүктүрүү боюнча 15 жылдан ашык тажрыйбасы бар кесипкөй адис. Өзүнүн эмгек жолунда ал Georgia Capital жана Bank of Georgia сыяктуу компанияларда жооптуу кызматтарды аркалаган, ошондой эле Грузиядагы эң ири саламаттыкты сактоо компанияларынын бирин жетектеп, анын IPOсун Лондон фондулук биржасында  ийгиликтүү өткөргөн.

 

Бул жылдар аралыгында Екатерина финансы, энергетика, билим берүү, автосервис жана кыймылсыз мүлк тармагындагы алдыңкы компаниялардын директорлор кеңешинде иштеген. Ал корпоративдик башкаруу, сый акы, тобокелдиктер жана аудит боюнча комитеттерде иштөөдө чоң тажрыйбага ээ.

 

Екатерина Пенсильвания университетинин (АКШ) Уортон бизнес мектебинде MBA даражасын алган. Англис, орус жана грузин тилдеринде эркин сүйлөйт. Ал ошондой эле психологияны изилдеп, лидерлик коучинг тармагында окууну бүтүргөн