Фисник Кепуска

Директорлор кеңешинин мүчөсү

Фисник Кепуска FINCA тармагына 2016-жылы FINCA Косовонун Финансы Директору болуп кошулган, ал эми 2020-жылы Операциялык Директор кызматына которулган.
Учурда ал FINCA Impact Finance компаниясында туунду компаниялардын операциялары боюнча Глобалдык Директор болуп иштейт, узак мөөнөттүү финансылык жана операциялык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн, туунду компаниялардын жетекчилиги менен стратегиялык шайкештикти камсыз кылууда маанилүү ролду ойнойт. Корпоративдик башкаруу милдеттеринин алкагында, ал FINCA Банк Kыргызстандын Директорлор Кеңешинин мүчөсү жана FINCA Банк Aзербайджандын Директорлор кеңешинин мүчөсү.

Ал Косоводо жана бүткүл аймакта каржы жана банк тармагында 25 жылдык тажрыйбага ээ, “Raiffeisen Bank Kosovo” жана “Nova Ljubljanska Banka” сыяктуу эл аралык мекемелерде жогорку жетекчилик кызматтарды ээлеген, тобокелдиктерди башкаруу жана ички аудит боюнча жогорку жетекчи жана “Banka Ekonomikeде” Башкы Директордун орун басары болуп иштеген.

Фисниктин кеңири тажрыйбасына Приштина университетинде маркетинг боюнча окутуучунун ассистенти катары академиялык иши, Косово Банк ассоциациясынын Директорлор Кеңешинин Төрагасынын орун басары, Камсыздандыруу компаниясынын Аудит Комитетинин мүчөсү жана мамлекеттик сектордо Муниципалдык калдыктарды башкаруу жана кайра иштетүү ишканасынын төрагасы кызматтары кирет.

Ал карьерасын USAIDдин “Косово бизнесин колдоо” (KBS) долбоорунда башкаруу боюнча консультант катары баштаган жана 10 жыл бою жаш ишкерлерге акысыз кеңеш берген.
Ал Лондон экономика мектебинен (LSE) илим магистри (MSc) жана Приштина университетинен экономика бакалавры (BA) даражаларына ээ.

Фисник албан, англис, серб жана хорват тилдеринде эркин сүйлөйт.