Махмуд Саидахматов

Башкарманын төрагасы

Махмуд Саидахматов FINCAга 2006-жылы декабрда FINCA Кыргызстандын Операциялар боюнча директору болуп кирген. Бул кызматка коюлган бардык стратегиялык максаттарды ийгиликтүү ишке ашыргандан кийин 2009-жылы FINCA Азербайжандын башкы директору, кийинчерээк 2010-жылы FINCA Кыргызстандын башкы директору болуп дайындалган. Ал 2015-жылдын февраль айына чейин FINCA Банк Кыргызстандын башкы директору болуп иштеп, кийинчерээк FINCA Bank Кыргызстан башкармасынын кеңешчиси болуп дайындалган. 2015-жылдын июлунан 2018-жылдын июнь айына чейин Махмуд FINCA Иордания компаниясын Өлкөлүк директору жана башкы директору катары жетектеген.

Учурда ал FINCA Bank Кыргызстандын Башкармасынын төрагасы болуп саналат.

FINCAга киргенге чейин Махмуд LFS Financial systems GmbH деген немис консалтингдик жана башкаруучу компаниясында көп жылдар бою өнүгүп келе жаткан жана өткөөл экономикасы бар өлкөлөрдө банк жана чакан жана орто бизнести каржылоо долбоорлоруна адистешкен. Банк кеңешчиси катары Махмуд Өзбекстанда жана Тажикстанда түрдүү коммерциялык банктарда микро жана чакан жана орто бизнести кредиттөөнү өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду жетектеген. 2003-жылы Махмуд Азербайжанда иштеп, Access Bank Азербайжанда микро жана чакан жана орто бизнести кредиттөөнү өнүктүрүү менен алектенген. Махмуд өзүнүн кесиптик банктык карьерасын 1998-жылы Өзбекстандын Улуттук банкында баштап, үч жыл инвестиция боюнча улук адис болуп иштеген.

Махмуд Өзбекстандын Улуттук университетинин экономика адистиги боюнча дипломун жана Улуу Британиянын Манчестер университетинде экономика жана социалдык илимдер боюнча магистр даражасын алган. Ал ошондой эле Пенсильвания университетинде, Филадельфияда, АКШда Америкалык Банкирлер ассоциациясынын жетекчилиги менен Стониер Жогорку Банк мектебинен кесиптик сертификат алган.